Жаңылыктар

Page: 2

Жакшы маанайыңызды алдыга сүйрөгөн кечтин локомотиви «Керемет шоу» программасы бүгүнтөн тарта жаңы сезонду баштайт!!! Ар иш күнү саат 17:00до тамашасы түгөнбөгөн, тың жигит Бакыт Алимов жана коңур үндүү Кайнар Алымов кечиңизди кызытат. Түрдүү темадагы талкуулар, динамикалуу оюндар жана баалуу белектер кечиңизди жаркытат!!! Толкунга кошулуңуз жана позитивке багыт алыңыз!!!

Кыргызстанды күлкү, шаң менен ойготкон «Эрке таң» шоу программасы 25-августтан тарта кайрадан эфирде!!! «Кыргызстан Обондору» радиосуна кошулуп, сиз сүйгөн ди-джейлер Арсен Курамаев жана Айдай Кадырова менен ар бир таңыңызды жеңил жана жагымдуу баштаңыз! Иш күндөрү таңкы 7ден 10го чейин сизди интерактивдүү оюндар, түрдүү белектер, пайдалуу жана кызыктуу рубрикалар эң башкысы жакшы маанайдын түгөнгүс дозасы күтүүдө!!!

Музыканын сапатына басым жасап, угармандарына жашоо кереметин тартуулаган «Кыргызстан Обондору» радиосу 25-августтан тарта эфирде жаңы сезонду баштайт! Бул дүйшөмбүдөн баштап эми ар иш күндөрү «Эрке таң» шоу программасы таңкы 7де кыргызстанды ойготсо, саат 17:00до кечтин локомотиви «Керемет шоу» маанайыңызды алдыга сүйрөп, чарчооңузду басат. Ошондой эле заманбап музыкага коштолгон жалындуу саламдар ар иш күндөрү түшкү 2де […]

Жаштыктын жалындуу күндөрүнө кайтып барууну каалайсыңбы? Жүрөктө калган обондор, алгачкы махабатты эске салган кайрыктар, алтын хит аталган ырлар керемет толкунда жаңырат. «Gold шоу» программасы 1-июлдан тарта «Кыргызстан Обондору» радиосунда! 2000-жылдардын башындагы кыргыз музыкасында жаңычылдыкты алып келген топ жарган жылдыздардын, ХИТ ырлары иш күндөрү кечки саат 6да түз эфирде, сиз үчүн жаңыртылат! Ошондой эле аптанын ар […]

Жай таңын “Ойноп ойгон” менен башта! Иш күндөрү таңкы 7де мыкты ырлар менен баалуу оюндардын коллаборациясы түз эфирде! «Кыргызстан Обондору» радиосуна кошулуп, күндүн алгачкы сааттарын позитив менен өткөр! Сен сүйгөн ди-джейлер 3 саат бою таңкы маанайыңдын мотиватору болуп, кызыктуу рубрикалар, динамикалуу оюндар менен тосуп алат! WhatsApp: 0701 53 10 66

«Кыргызстан Обондору» радиосунда жаңы сезон!!! Жыл бою күткөн жайкы эс алууну жаркын эмоцияларга толтур. Иш күндөрү таңкы 7ден 10го чейин «Ойноп ойгон» программасы таңдын таттуу башталышын камсыздайт, ал эми 18:00 до «Gold шоу» программасы кечти романтикага, ностальгияга бөлөйт!!! Бул жайда дагы «Кыргызстан Обондору» радиосу менен убакыт жыргалын сез!!!

18-май, Энелер күнүнө карата жашоо кереметин даңазалаган, жан шерик радиоңуз «Кыргызстан Обондору» бир күн бою майрамдык эфир тартуулайт! Таңкы 7ден баштап, толкунга кошулуп, апаңызды түз эфирде куттуктаңыз. Ошондой эле оюндарда активдүүлүгүн көрсөткөн угарманыбызга демөөрчүбүз «Мама знает» брендинин сапаттуу бир баштык белектер топтомун тапшырабыз! Андыктан жаздын бул маанилүү майрамын керемет толкунда өткөрүп, күнүңүздү күлкү, шаңга толтуруңуз! […]

Күн сайын 999 сом! Жума күндөрү 15 000 сомдук сертификат уткуң келеби? Анда Кыргызстан Обондору радиосун ук! Демөөрчүбүз Aiter компаниясынын кызыктуу оюнуна катыш, белектерге ээ бол! Май ичи (эфир күн сайын, дем алыш күндөрү да чыгат) “План Д” программасынын алкагында саат 9:20да толкунга кошул! WhatsApp 0701 53 10 66

 Жаздын башкы саамалыгы  Нооруз майрамына карата жан шерик радиоңуз  бир күн бою майрамдык эфир тартуулайт! 21- март «Кыргызстан Обондору» миллиондогон угармандар үчүн кызыктуу шоу уюштуруп, улуттук оюндарды радиоформатта тартуулайт! Керемет толкунга кошулуп, бул күндү сапаттуу кыргыз ырлары менен оюн-зооктордун ордосонунда өткөрүңүз! Whatsapp: 0701531066

8- март, Аялзатынын эл аралык күнүнө карата «Кыргызстан Обондору» радиосунун шайыр жигиттери бир күн бою майрамдык эфир тартуулайт! Бул өзгөчө күндө керемет толкунга кошулуп, кайталангыс сезимдерге чөмүлүңүз! Сизди өзгөчө форматтагы кызыктуу оюндар, баалуу белектер эң башкысы мыкты ырлар менен жакшы маанайдын коллаборациясы күтүүдө! WhatsApp: 0701531066


Background