Жаңылыктар
Page: 3
1-июнь, «Эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата «Кыргызстан Обондору» радиосу өз угармандарына көптөгөн таңгактагы балмуздак ойнотот! 31-май «Эрке таң» , «Обон чат» жана «Керемет шоу» программаларына кошулуп, кызыктуу оюндарыбызга катышып, баалуу белектердин ээси сиз аталыңыз! WhatsApp: 0701 531066
19-май, мекенибизде белгиленип жаткан «Энелер күнүнө» карата жан шерик радиоңуз «Кыргызстан Обондору» бир күн бою майрамдык эфир тартуулайт!!! Биздин толкунга кошулуп, байгелүү оюндарыбызга катышып, эң башкысы көңүлдүү убакыт өткөрүңүз!!! Биздин радионун инстаграм баракчасына дагы баш багыңыз. Анткени ал жактан дагы кызыктуу, интерактивдүү оюн уюштурабыз. Ошондой эле 0701531066 WhatsApp номуру аркылуу апаңызга, жубайыңызга куттуктоо сөзүңүздү арнасаңыз […]
Кыргызстан Обондору радиосунда 19-апрелден баштап, учурдун эң актуалдуу суроолоруна жооп издеген «ТалкууLITE» программасы кайрадан эфирде!! Сурагандан тартынган, айткандан апкаарыган суроолорду Арсен Курамаев жана Бермет Айдарова эфирге алып чыгып, талкуулашат. Ар жума кечки 9да эфирге кошулуп, сиз издеген жоопторду түз эфирден алыңыз! WhatsApp: 0701 531066
Globus дүкөндөр тармагы жана КЫРГЫЗСТАН ОБОНДОРУ “НООРУЗ” майрамын өзгөчө өткөрүүгө чакырат! Жүздөгөн белектер! Кызыктуу оюн-зооктор! Сен сүйгөн ырчылар! А эң башкысы, 10 000, 15 000 же 25 000 сомдук сертификат утуп алууга мүмкүнчүлүгүң бар! Жөн гана келип, чоң белектин ээси сен атал! 21-март, саат 11:00 Аалы Токомбаев 53/1 дарегиндеги Globus 1 дүкөнүнөн күтөбүз! Улустун […]
1-марттан тарта «Кыргызстан Обондору» радиосунда жаңы сезон старт алат! Иш күндөрү, ар бир таңда саат 7ден 10го чейин «Эрке таң» шоу-программасы сизди жаңы, кызыктуу оюндары менен позитивге толтурса, түшкү 2де «Обон чат» программасы менен тыныгууңузду шаңга, жакшы сөз жана сапаттуу ырларга толтура аласыз. Ал эми жаздын жылуу кечтерин өзгөчө тамаша, кызыктуу тема, мыкты музыкага толтурган […]
24-январь, «Кыргызстан Обондору» радиосунун күнүнө карата 25 сааттык кайталангыс шоу сизди күтүүдө! Бул убакыт аралыгында учурдун алдыңкы ырчылары жандуу ырдап, кызыктуу маек курат. Ошондой эле буга чейин эмгектенип кеткен «Кыргызстан Обондору» радиосунун эң популярдуу алып баруучулары бир эфирде чогулуп, өз доорунун кызыктары, эстен кеткис окуялары менен бөлүшөт!
МИЛЛИОНДОГОН УГАРМАН! МИҢДЕГЕН ЫРЛАР! ЖҮЗДӨГӨН ЫРЧЫ! БИР РАДИОДО! КЫРГЫЗСТАН ОБОНДОРУ! 25 жыл эфирде! Муундарга музыка магиясын арнаган номер 1-радио 25 сааттык кайталангыс шоу тартуулайт! Популярдуу аткаруучулар! Сиздин доордун үндөрү 23-январь 23:00до түз эфирде! Кыргызстан Обондору- жаштык жыргалын сез!
«Кыргызстан Обондору» радиосунун 25 жылдыгына карата күн сайын сиз сүйүп уккан ди-джейлер бир толкунда! 23-январь, 23:00дөн баштап, бардык алып баруучулар 2 саат бою, сиз үчүн кайталнгыс шоу жаратат. Бул убакыт алкагында ар бир ди-джей алгачкы эфириндеги кызыктарын, бири- биринин өзгөчө кылыктарын айтып беришет. Андыктан бул жылдын эң башкы унутулгус эфирин өткөрүп албаңыз! WhatsApp: 0701 531066
Жаңы жылдык ырлардын кызыктуу тарыхын угуп, ырахат алыңыз! «Сыйкырдуу ырлар» программасы, 18-декабрдан баштап, саат 10:30 жана 19:30да эл билбеген музыкалык фактылар менен Бермет Айдарова бөлүшөт.
Кыргызстан Обондорунун эфиринде ЦУМ синема жана Манас кинотеатрына билеттерди ойнотобуз! Таңкы жана кечки шоулорубузда Кыргызстан Обондорунун саунд актерлору дүйнөлүк тасмалардан үзүндү аткарып беришет. Кайсы тасма же кайсы каарман аткарарын туура тапкандарга, популярдуу кинотеатрларга 2 кишилик жолдомолорду берип турабыз! 18-декабрлан баштап 8:20да жана 17:20да эфирди угуп туруңуз!