ПАРИЖ 2024

Жүктөлгөн күнү 21.07.2024

Дүйнө жүзү кызыгуу менен күтүп жаткан бул жылдын башкы спорттук майрамы, 33-жайкы Олимпиада оюндары быйыл Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Спорттун 32 түрү боюнча дүйнөнүн эң алдыңкы он миңден ашык спортчусу бул биринчиликке ат салышат.  Ал эми Кыргызстандын  атынан жалпы 16 спортчу бул Олимпиада оюндарына катышат.  Дал ошол 33- жайкы Олимпиада оюндарында жаралган урунттуу учурларды, биздин балбандардын жетишкендиктери, жаңыланган тарых, жаңы рекорддор тууралуу күн сайын 08:15 жана 18:05 те «Кыргызстан Обондору» радиосунан уга аласыз. Андыктан толкунга кошулуп, планетанын башкы спорттук саамалыгын биз менен өткөрүңүз!


Улантып окуу

Background