Жаңылыктар

Page: 4

23- февраль, «Ата-Мекенди коргоо» күнүнө карата «Кыргызстан Обондору» радиосунун ди-джей кыздары сиздерге бир күн бою жакшы маанай жана майрамдык атмосфера тартуулайт! Эфир алкагында кызыктуу оюндарга катышып, баалуу белектерге ээ болуп, жакыңызды куттуктап, эң башкысы көңүлдүү убакыт өткөрүңүз!

Бул жумадан баштап, сиз сүйүп уккан «Эрке таң» жана «Керемет шоу» программаларынын алкагында жакыныңызга жакшы сөзүңүздү 0701 53 10 66 WhatsApp номерине жазып, өзгөчө эмоция тартуулаганга сонун мүмкүнчүлүк! Ар күнү таңкы 7 ден 10 го чейин жана кечки 5 тен 7ге чейин эфирди угуп, жакыныңыз тууралуу оригиналдуу смс билдирүү жана ал сүйгөн ырды жазып калтырсаңыз, […]

Кыргызстан Обондорунда жаңы жылдык жап-жаңы акция! Ар бир угармандын майрамдык маанайын камсыздап, аруу сезимдерди арнаган “Сыйкырдуу сөз” оюну түз эфирде. Толкунду кууп угуп, толгон-токой белектердин ээси аталыңыз! Эфирди байкасаңыз, оюндун шартын алып баруучулардан угуп, жигердүү катышыңыз! Телефон чалыңыз: 0(312) 53-10-65 Өзгөчө оюнга катышып, майрамдык эфирдин маңызын сезиңиз!

Төрт жылда бир келген, миллиондогон спорт сүйүүчүлөрү күткөн,  дүйнөлүк футбол чемпионаты бул жылы, биринчи ирет күз-кыш мезгилинде Катар мамлекетинде өткөрүлүүдө. Эске сала кетсек, бул өлкөдө уюштуруу чечими, мындан 12 жыл мурун эле кабыл алынган. Бул ирет дүйнөлүк чемпионатта 32 курама команда катышууда. Буга чейин 2018-жылы, Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында Франция курама командасы биринчиликти […]

Кыргызстандыгы заманбап музыкалык чарт -«Хит Обон» ар жума күнү кечки 7 де сиздер менен. Угармандардын добушу аркылуу, жаңы чыккан ырлар жана мыкты аткаруучулар бул программа алкагында биринчиликке ат салышат. «Хит Обон»  программасынын алып баруучусу Бермет Айдарова бир саат аралыгында топ 10дука кирген ырлар менен тааныштырып, чогулган упайлар аркылуу жуманын хит ырын аныктайт. Эгер сиз дагы […]

  Кыргызстандагы таланттуу акын -жазуучулардын лирикалык ыр саптарын тартуулаган «Сезим сырлары» программасы  ар ишемби, саат 23:00 до жана жекшемби күндөрү, 18:00 до эфирге чыгат. Алып баруучулар: Кайнар Алымов жана Бермет Айдарова  ырлардагы сүйүүнү, сагынычты, кусалыкты толук түрдө чагылдырып,  бир сааттык романтикалык атмосфера тартуулайт. Бул программа алкагында бир гана ыр саптарга эмес сүйүүнү камтыган, сиз жактырган, […]

 19-октябрда Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү. Жети миллионунчу бала дыйкан Валижан Абдурасулов жана Айжаркын Сыраждинованын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келди. Бул алардын төртүнчү баласы. Жети миллионунчу үй-бүлөнү президент Садыр Жапаров  телефон чалып куттуктап, наристеге Жакшылык ысымын ыйгарды. Жакшылыка депозиттик эсеп ачылып, мамлекет  тарабынанан 1 миллион сом которулду. Эске салсак, өлкөнүн алты миллионунчу […]

Атактуу каарман сахналаш досу же  чөйрөсүндөгү жакын кесиптеши менен эфирге келип, ачык маек куруп беришет. Каармандын жакыны ал тууралуу эл биле элек факты, окуялары менен бөлүшөт. Адатта эфирге келген атактуу инсан өзү тууралуу айтуудан тартынат. Алып баруучу Кайнар Алымовдун  бул программасынын өзгөчөлүгү: каармандын жакын адамы кошо келип, угармандарга ал чындыгында кандай адам экенин ачып берүү. […]

 Түшкү тынуугуңузду жакшы сөз, сагынычтуу салам жана мыкты музыкалык чыгармаларга толтурган «Танапис» программасы иш күндөрү түшкү саат: 12:00 до сизди күтөт. Бул программа алкагында сиз,  жакындарыңызга жашы сөзүңүздү жазып,  туулган күн ээлерине sound куттуктоолорду узатсаңыз  болот. 1 саат ичинде  «Танапис» программасынын алып баруучулары: Бермет Айдарова, Бакыт Алимов жана Кайнар Алымов сиздин ар бир билдирүүңүздү түз […]

 Бул күздүн эң башкы музыкалык жаңылыгы! «Кыргызстан Обондору» радиосунун  башкы долбоору «Биздин Аваз» 11-чыгарылышын тартуулайт! Сиздер сүйгөн көптөгөн хит ырлардын жаратуучусу Эрлан Андашев 7-октябрда  17:00 до сиздер үчүн өзүнүн  жандуу концерти менен «Кыргызстан Обондору» радиосунда болот. Бул чыгарылышта сиз,  Эрлан Андашевдин элге таанылган эң мыкты ырларына жана кызыктуу маегине күбө боло аласыз. 


Background