Азия чемпиондору

Жүктөлгөн күнү 10.04.2023

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов Казакстандын борбору Астанада өтүп жаткан континенталдык биринчиликте Азия чемпиону болушту. Шаршенбеков чейрек финалда индиялык каршылашын 53 секундда багындырып, жарым финалда япониялык спортчуну жеңген. Финалдык беттеште болсо,  түштүк кореялык Хан Жаи Чанг менен кармашып, 10:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Ал эми Акжол 1/4 финалда түркмөнстандык, ал эми жарым финалда япондук атаандашын жеңген. Ал эми финалдык кармашта ирандык атлет менен беттешмек болгон, бирок ал жаракатынан улам кармашуудан баш тартып, алтын медаль Акжолго берилген. Эске сала кетсек бул Акжол Махмудовдун Азия биринчилигиндеги үчүнчү ал эми Жоламан Шаршенбековдун экинчи жеңиши.

Улантып окуу

Background