Жаңылыктар

«Эрке таң» — Кыргызстанды ойготот! Иш күндөрү саат 07:00дөн 10:00гө чейин Жазгы сезон — жаңы дем, жаңы оюн-түрмөктөр жана кызыктуу рубрикалар менен!  Өз ишинин чеберлери, тажрыйбалуу радио алып баруучулар Арсен Курамаев менен Айдай Кадырова эң биринчилерден болуп «Кыргызстан Обондорунун» угармандарына позитивдүү маанай тартуулап, чыныгы музыкалык шоу жаратышат! «Эрке таң» — бул сүйүктүү хит ырлардын, актуалдуу […]

1-марттан тарта жашоонун кереметин толкун аркылуу чагылдырган жан шерик радиоңуз — «Кыргызстан Обондору» — жаңы, жазгы сезонун баштайт! Эфир мейкиндигинде сизди жагымдуу жаңылыктар менен тосуп алабыз! Көп функционалдуу флагмандык шоу «Эрке таң» жана кечиңиздин дофамини «Керемет шоудо» — жаңыланган оюндар, заманбап форматтагы кызыктуу түрмөктөр жана баалуу белектер сиздерди күтөт! Ал эми ар ишемби, саат 18:00дө, […]

«КЫРГЫЗСТАН ОБОНДОРУ» радиосуна ырларды кабыл алуу формасы. Эскертүү: Ырлар МРз түрүндө алынбайт. Audio CD же Wav (wav(micrososft). Aудио: 44 100 Гц: 16 Віt: Стерео: РСМ) форматында кабыл алынат. КӨҢҮЛ БУРУНУЗДАР! Ырды кабыл алуу жана анын ротациясы үчүн радиостанциянын кызматкерлери эч кандай төлөм албайт! Ырыңызды k.obondoru@gmail.com почтасына жана 0701 53 10 66 Telegram номерибизге жөнөтүңүз. Эгер […]

 15-декабрдан баштап, эң шайыр радиостанция «Кыргызстан Обондорунда» жылдын эң интригалуу оюну  «Музыкалык интуция» старт алат! Керемет толкунга кошул, бизди ук жана алдыда кайсы жаңы жылдык ыр жаңырарын тап. Эгерде сенин жообуң туура болсо бир, эки, беш, он же кырк белектин ээси сен аталышың мүмкүн!  «Музыкалык интуция»  оюнуна катыш, ийгилигиңди сына жана жаңы жылды көптөгөн белектер […]

Өлкөнүн алдыңкы радиостанциясы «Кыргызстан Обондорунда» өзгөчө, кызыктуу форматтагы жаңы программа «Жума жылдызы» керемет толкунда! Аптанын ар  ишемби күнү кечки 6да жума ичинде хайп жаратып, интернет жылдызына айланган атактууларды Даян Маликов ар тараптан ачат. Бул программа алкагында сиз тааныган популярдуу инсандар жөнүндө дагы да кызыктарды уга аласыз. Андыктан толкунга кошулуп, эс алуу кечиңизди кызыктуу өтөрүңүз!

Түшкү тыныгууңузду түркүн кызыктарга жана жүрөк жылыткан сөздөргө толтурган эң жагымдуу чат! «Обон чат» программасы сизди кайрадан керемет толкунда күтөт!!! Иш күндөрү түшкү саат 2де жакыныңызга креативдуу салам же куттуктоо айткыңыз келсе, анда бул эфир сиз үчүн!! «Кыргызстан Обондору» радиосунда 1саат бою заманбап музыкага жуурулушкан жылуу сөздөр жана албетте мыкты белектер орун алат!!!

Жакшы маанайыңызды алдыга сүйрөгөн кечтин локомотиви «Керемет шоу» программасы бүгүнтөн тарта жаңы сезонду баштайт!!! Ар иш күнү саат 17:00до тамашасы түгөнбөгөн, тың жигит Бакыт Алимов жана коңур үндүү Кайнар Алымов кечиңизди кызытат. Түрдүү темадагы талкуулар, динамикалуу оюндар жана баалуу белектер кечиңизди жаркытат!!! Толкунга кошулуңуз жана позитивке багыт алыңыз!!!

Кыргызстанды күлкү, шаң менен ойготкон «Эрке таң» шоу программасы 25-августтан тарта кайрадан эфирде!!! «Кыргызстан Обондору» радиосуна кошулуп, сиз сүйгөн ди-джейлер Арсен Курамаев жана Айдай Кадырова менен ар бир таңыңызды жеңил жана жагымдуу баштаңыз! Иш күндөрү таңкы 7ден 10го чейин сизди интерактивдүү оюндар, түрдүү белектер, пайдалуу жана кызыктуу рубрикалар эң башкысы жакшы маанайдын түгөнгүс дозасы күтүүдө!!!

Музыканын сапатына басым жасап, угармандарына жашоо кереметин тартуулаган «Кыргызстан Обондору» радиосу 25-августтан тарта эфирде жаңы сезонду баштайт! Бул дүйшөмбүдөн баштап эми ар иш күндөрү «Эрке таң» шоу программасы таңкы 7де кыргызстанды ойготсо, саат 17:00до кечтин локомотиви «Керемет шоу» маанайыңызды алдыга сүйрөп, чарчооңузду басат. Ошондой эле заманбап музыкага коштолгон жалындуу саламдар ар иш күндөрү түшкү 2де […]

Жаштыктын жалындуу күндөрүнө кайтып барууну каалайсыңбы? Жүрөктө калган обондор, алгачкы махабатты эске салган кайрыктар, алтын хит аталган ырлар керемет толкунда жаңырат. «Gold шоу» программасы 1-июлдан тарта «Кыргызстан Обондору» радиосунда! 2000-жылдардын башындагы кыргыз музыкасында жаңычылдыкты алып келген топ жарган жылдыздардын, ХИТ ырлары иш күндөрү кечки саат 6да түз эфирде, сиз үчүн жаңыртылат! Ошондой эле аптанын ар […]


Background