Жаңылыктар

Page: 5

 Бул күздүн эң башкы музыкалык жаңылыгы! «Кыргызстан Обондору» радиосунун  башкы долбоору «Биздин Аваз» 11-чыгарылышын тартуулайт! Сиздер сүйгөн көптөгөн хит ырлардын жаратуучусу Эрлан Андашев 7-октябрда  17:00 до сиздер үчүн өзүнүн  жандуу концерти менен «Кыргызстан Обондору» радиосунда болот. Бул чыгарылышта сиз,  Эрлан Андашевдин элге таанылган эң мыкты ырларына жана кызыктуу маегине күбө боло аласыз. 

“Кино тартам деп, карызга баткандар көп.” деген атактуу режиссёр Бакыт Мукул «Стоп кадр» программасынын алкагында кызыктуу маек курган. Бул программа ар аптанын дүйшөмбү күнү, саат 14:00 дон 15:00 чейин Абай Темировдун алып баруусунда эфирге чыгат. «Стоп кадр» программасынын жүрүшүндө кыргыз киноиндустриясындагы жана дүйнөлүк кинодогу жаңычылдыктар тууралу айтылат. Мындан тышкары келген конок менен тасма талаасында болгон […]

 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов орусиялык «Привет, Андрей!» шоусуна катышып, өзүнүн атактуу ыры «Буй-буй»ду аткарды. Аталган бул берүү «Россия-1» телеканалында 25-сентябрь күнү кечки 18:00 до көрсөтүлгөн. Эске сала кетсек буга чейин «Привет, Андрей!» шоусунда «Ынтымак» сейил багында ырдап, элге таанылган кыргызстандык Бегимай Турусбекова да катышкан. Дагы кошумчалай кетчү нерсе   30-сентябрда өзү Бактияр Токторов […]

Бүгүн – 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Кыргыз эли бүгүн кыргыз тилинин 33 жылдыгын майрамдайт. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган […]

Сиз жакшы көргөн “Керемет шоу” эми жаңы курам менен чыгууда! Бермет Айдарова жана Арсен Курамаев. Иш күндөрү кечки саат 5тен 7ге чейин “Кыргызстан Обондору” радиосунун толкунунда угармандарга мыкты маанайды,  кызыктуу күндүн темасы жана динамикалуу оюндары менен “Керемет шоу” тартуулайт! Бүйүр кызыткан талкуу жана азарт жараткан “Дилемма” рубрикасы, дүйнөлүк каармандар тууралуу кызыктуу фактыларды айтып, баскан жолун […]

   Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 60 кг. салмактагы Кыргызстандык эркин күрөш боюнча спорт чебери Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону аталды. Биринчи бөлүктө Венгрия жана АКШдан келген атаандаштарын жеңип, жарым финалда Казакстандык спортчу менен беттешкен. Чечүүчү  таймашта Болгариялык Эдмонда Армена Назаряны утуп, Кыргызстанга дагы бир жолу жеңиш алып келди. Эске сала кетсек,  буга чейин […]

Таңды сергек кылуунун көп ыкмалары бар. Алардын эң эле кызыктуусу — “Эрке таң”. “Кыргызстан Обондору” радиосунун таңкы шоу “Эрке таң” программасы иш күндөрү таңкы 7:00-10:00 чейин угармандарга кубаныч тартуулап, ойготуп келет. Шоу жеңил, кызыктуу жана таанып билүүчү рубрикаларга толгон. Мисалы, “Войс бот” заманбап оюн болсо, “Таңкы цитата” рубрикасы дүйнөлүк адабият багытында атактуу адамдардын учкул ойлорун […]

«Ынтымак» сейил багында ырдап, бир түндө бүтүндөй Кыргызстанга таанылган Бегимай Турусбекова орусиялык белгилүү «Привет, Андрей» шоусунда өз талантын тартуулады. Андрей Малаховдун бул шоусунда кыргызстандык Бегимай Турусбекова Уитни Хьюстондун «I Have Nothing»аттуу чыгармасын ырдап, социалдык тармактын колдонуучуларын дагы бир жолу таң калтырды. Эске сала кетсек, Бегимай Турусбекова 19-июнда «Ынтымак» сейил багында Селин Диондун «My Heart will […]

Кыргыз эстрада жылдыздарынын мыктылары, миллиондогон меломандар сүйгөн, талантын сыйлаган Сыймык Бейшекеев жана Алтынай Нарбаева «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамын алышы менен «Кыргызстан Обондору» радиосу чын жөрөктөн куттуктайт! Мындан ары да жашооңуздарда, чыгарм   ачылыгыңыздарда ийгилик коштоп, ар бир күнүңүздөр дал ушундай жакшы жаңылыктарга толуп турсун!

     Салам достор «Кыргызстан Обондорунун» толук командасы жайкы эс алуудан соң жаны күч, жаны дем менен  1-сентябрьда күзгү сезонду баштайт. Эми сиз сүйгөн программалар жана ди-джейлер ар күнү жакшы маанай, позитив тартуулаганга даяр. Жуманын иш күндөрү танда сизди ойготкон «Эрке таң»болсо,  түшкү тынуугуңузда «Танапис» жана кечки, кызыктуу саякатка чакырган «Керемет шоу» программасы эми сиздер […]


Background