Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү

Жүктөлгөн күнү 20.10.2022

 19-октябрда Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү. Жети миллионунчу бала дыйкан Валижан Абдурасулов жана Айжаркын Сыраждинованын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келди. Бул алардын төртүнчү баласы. Жети миллионунчу үй-бүлөнү президент Садыр Жапаров  телефон чалып куттуктап, наристеге Жакшылык ысымын ыйгарды. Жакшылыка депозиттик эсеп ачылып, мамлекет  тарабынанан 1 миллион сом которулду. Эске салсак, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылы, беш миллионунчу жаран Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылы, ал эми төрт миллионунчу жаран Каныкей Кайыпова 1985-жылы төрөлгөн.


Улантып окуу

Background