Бактияр Токторов «Привет, Андрей!» шоусунда

Жүктөлгөн күнү 26.09.2022

 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов орусиялык «Привет, Андрей!» шоусуна катышып, өзүнүн атактуу ыры «Буй-буй»ду аткарды. Аталган бул берүү «Россия-1» телеканалында 25-сентябрь күнү кечки 18:00 до көрсөтүлгөн. Эске сала кетсек буга чейин «Привет, Андрей!» шоусунда «Ынтымак» сейил багында ырдап, элге таанылган кыргызстандык Бегимай Турусбекова да катышкан. Дагы кошумчалай кетчү нерсе   30-сентябрда өзү Бактияр Токторов «Эрке таң» программасында саат 09:00 до «Привет,Андрей!» шоусунда болуп өткөн кызыктуу учурлар, жаңылыктар тууралуу сөз кылат.


Улантып окуу

Background