Эфирде ЖАҢЫ СЕЗОН!

Жүктөлгөн күнү 29.02.2024

1-марттан тарта «Кыргызстан Обондору» радиосунда жаңы сезон старт алат! Иш күндөрү, ар бир таңда саат 7ден 10го чейин «Эрке таң» шоу-программасы сизди жаңы, кызыктуу оюндары менен позитивге толтурса, түшкү 2де «Обон чат» программасы менен тыныгууңузду шаңга, жакшы сөз жана сапаттуу ырларга толтура аласыз. Ал эми жаздын жылуу кечтерин өзгөчө тамаша, кызыктуу тема, мыкты музыкага толтурган «Керемет шоу» программасы иш күндөрү кечки 5 те сизди күтөт!  Ошондой эле бул сезондо дагы ар жекшемби 18:00 до «Кел,сүйлөшөбүз» программасы алкагында өзгөчө, кызыктуу маектерге күбө боло аласыз!


Улантып окуу

Background