21-март, майрамдык эфир!

Жүктөлгөн күнү 16.03.2023

21-март, Нооруз майрамына карата «Кыргызстан Обондору» радиосунда ди-джейлер менен жылдыздар жылдын мыкты батлын уюштуруп, сиз үчүн унтулгус эки сааттык эфир тартуулайт!
Балдар жана кыздар таймашында жигиттердин командасында атактуу ырчы Кудайберди Айтбосунов болсо, учурдун мыктыларынын бири Сырга Сагынбекова ди-джей кыздар менен бирге убактыңызды күлкү-шаңга толтурат! Түшкү саат 1 де эфирге кошулуп, мыкты деген командага 0701 53 10 66 WhatsApp номери аркылуу добуш берип, кызыктуу батлга күбө болуңуз!


Улантып окуу

Background