Жакында жаңы сезон!

Жүктөлгөн күнү 28.06.2023

1-июлдан тарта «Кыргызстан Обондору» радиосунда жайкы сезон старт алат.
Эми иш күндөрү, саат 7ден 10го чейин «Ойноп ойгон» программасы сиздин таңыңызды динамикалуу оюндарга, күлкү-шаңга толтурса, кечки саат 6 да бул сезондогу жап-жаңы программа «Gold шоу» сизди күтүп алат. Ал эми жайдын эс алуу кечтерин романтиканын коштоосунда өзгөчө өткөрүңүз! Ишемби түнкү саат 11де жана жекшемби кечки 6да сиз сүйгөн «Сезим сырлары» программасы обого чыгат.

 

 


Улантып окуу

Кийинки пост

«Gold шоу»


Thumbnail
Буга чейинки пост

Кумар Сагынов «Эсиңдеби»


Thumbnail
Background