Дүйнө чемпиондору!

Жүктөлгөн күнү 24.09.2023

 Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнүн чеберлери Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет дүйнө чемпиону аталып, 2024-жылы Парижде өтө турчу Олимпиадага жолдомо алышты. Ал эми спортчу кыздар арасынан Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болуп, тарых жаратты! Ошондой эле Айпери Медет кызы да күмүш медалдын ээси болуп, эми Париж Олимпиадасында кыргызстандын намысын коргойт. Ал эми суучул Денис Петрашов Японияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп, келерки жылы Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына катышат!


Background