Азат Раимбердиев жарым финалда!

Жүктөлгөн күнү 17.09.2023

Кыргызстандык таланттуу аткаруучулардын бири: Азат Раимбердиев россиялык популярдуу вокалдык “Ну-ка, все вместе!” шоусунун жарым финалына өттү. Аткаруучу Уитни Хьюстондун «I have nothing» ырын аткарганы үчүн мүмкүн болгон 100 упайдан 100 упай алды. Калыстар тобунун  мүчөлөрү Азат Райымбердиевдин талантына таң берип, мактоо сөздөрүн айтышты . Эске салсак бул шоунун юбилейлик, бешинчи сезону өтүүдө. Бул вокалдык жарышка быйыл КМШ өлкөлөрүнөн, Израилден, Аргентинадан ырчылар катышууда. Ошондой эле бул шоудо жеңүүчү аталган ырчыга 5 миллион рубль акчалай сыйлыгы күтүлүүдө.


Улантып окуу

Background