Азат Раимбердиев

Жүктөлгөн күнү 25.11.2023

Таланттуу аткаруучулардын бири Азат Раимбердиев «Россия-1» телеканалындагы орусиялык «Ну-ка, все вместе» шоусунун финалында 2-орунду ээледи! Финалда Сергей Лазаревдин «Последний день Помпеи» ырын аткарып, 100 упай менен үч супер финалисттердин катарын толуктады. Акыркы чечүүчү бөлүктө  «The Final Countdown» аттуу ырды аткарып,  90 упай менен экинчи орунду ээледи. Долбоордун жеңүүчүсү болуп тажикстандык Фаррух Хасанов аталып, 5 миллион рублду алып кетти.


Улантып окуу

Background