Гороскоп 13.10.21

Жүктөлгөн күнү 13.10.2021

 

Кой: Иши илгери кетердин ташы өйдө кулайт демекчи, ийгилик сиз тарапта.

Букачар: Бирөө жете албай жүрсө, бирөө кете албай жүрөт демекчи, ырыскыңызды учуруп албаңыз.

Эгиздер: Күлүктү табына келтирген — саяпкер, кушту кыраан кылган — мүнүшкөр болсо, талантты таптаган — устат сиз болуңуз.

Бөйөн: Бүгүн аттан айрылсаң да, ээр токумдан  айрылба деп намыска бек турганыңыз оң.

Арстан: «Мен» деген чөл, «биз» деген көл деп көпчүлүктөн чыкпаганыңыз туура.

Бийкеч: Жүрөктөгү сыр жүздөн байкалат. Бүгүн сезимдериңизди жашырбай, ачык эле айтканыныз жакшы .

Тараза:  Азуулууну киши күчү менен эмес, эби менен алат. Маселени чечүүдө ызаага алдырбай, акылга салганыңыз оң

Чаян:  Бергенин билип, алганын билбей калган адамдар менен алака түзүүдөн качаканыңыз туура.

Жаачы: Булбулдун үнүн укпай, жайкы талаа ачылбайт демекчи бүгүнкү кеченин көркүн ачкан сиз болуңуз .

Текечер: Артык өнөр баш жарбайт. Турмушта кереги тиер нерселерди үйрөнүп алсаңыз, ашыктык кылбайт.

Суупери: Баш эсен болсо, топу табылат. Ден соолукка кам көрүңүз.

Балыктар: Көп берекетке көп аракет керек деп күндү иш менен батырганыңыздын жыйынтыгы сүйүнтпөй койбойт.

 


Улантып окуу

Background