Гороскоп 25-31-октябрь

Жүктөлгөн күнү 25.10.2021

Бул жуманын жылдыз төлгөсү

Кой: Улук болсоң – кичик бол демекчи дайыма жөнөкөйлүгүңүздөн жазбаңыз

Букачар: Түндө Ай ордуна Күн чыкпагандай, ар нерсенин өз убактысы бар, чыдамкайлык таанытыңыз

Эгиздер: Жартыны бүтөп, кысканы узарткан бул күндүн мыктысы өзүңүз болосуз

Бөйөн: Чакырса келбес – шыкаалайт, берсе жебес – чымчылайт болбой, жакшы сунушту колдон чыгарбаңыз

Арстан: Эмгектен арыктаган, түшүмүнө семирет демекчи, аракетиңиздин аркасы берекелүү болот

Бийкеч: Төркүнү бар сөзүң болсо, төркүнүн көрсөтө айтпайсыңбы дейт. Андыктан кебиңизди ток этер жеринен баштаңыз

Тараза: Тартынбаган тил, таттуу турмушту бузат. Бүгүн кээде унчукпай коюу көбүрөөк пайда алып келерин түшүнөсүз

Чаян: Чөп ширеси мал семиртет, кеп ширини жан семиртет деп таттуу сөздөрүңүз менен башкаларды кубантасыз

Жаачы: Элдин эки тиреги бар дейт, биринчиси – акылман, экинчиси – батыр болсо, бир үйдүн ишенгени сиз экендиңизди унутпаңыз

Текечер: Тойго барсаң тоюп бар демекчи, бул күнү кимдир бирөө жакшылыгына чакырышы мүмкүн

Суупери: Ушак – айың кеп үчүн, көңүлүңдү аздырба дейт. Ал сындуу калптын торуна түшкөндөн абайлаңыз

Балыктар: Тең теңин тапса, деңиздей чалкып жашайт демекчи тандоодо жаңылышпаганыңыз оң


Улантып окуу

Background