Гороскоп 14.10.21

Жүктөлгөн күнү 14.10.2021

Кой: Жүз сөздү бир сөз токтотот. Туура сөздү тандап айткан болсоңуз, ызы-чууга чекит коесуз.

Букачар: Айланайын айдайым, алты карын майдайым, кындуу шибегеңди сактай көр деп башкаларды алдап-соолап, сабырга чакырасыз.

Эгиздер: Жаман жашырынбайт, жакшы көрүнбөйт демекчи кылган жакшылыгыңызды баса белгилеп, ыраазычылыгын айткандар болот
Бөйөн: Айран уюта албаган иритет, тери ашата албаган чиритет. Ишти билгенге тапшырыңыз.

Арстан: Жатаарда көп ичкен, жаман түш көрөт. Ашыкча тоюп алуудан сактаныңыз.

Бийкеч: Айтканды айткан ушакчы эмес деп, уккандарыңыздын баарын элге жая берген болбойт.

Тараза: Аңдабаган төөнү да көрбөйт. Соода кылууда текшерип алыңыз.

Чаян: Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт деп жакындарыңыздын карызын кечесиз.

Жаачы: Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт демекчи, бүгүн акча маселесинде катуу болгонуңуз жакшы.

Текечер: Алың аке, алың, сергий түшсүн жаның деп сизди сыйлагандар болот.

Суупери: Жети баштуу ажыдаардан эмес, эки жүздүү адамдан корк дейт. Сизди курчагандардын кимиси дос экениндигин аныктаңыз.

Балыктар: Алыскынын аты озгуча айылдаштын тайы озсун деп тааныштарга жан тартасыз.


Улантып окуу

Background