Гороскоп 18.10.21

Жүктөлгөн күнү 18.10.2021

Кой: От жаккандын кадырын отун алган билет. Кылган жакшылыгыңыз кайтып келет.

Букачар: Айга жетпес ашыңды айылдаштан аяба деп марттыгыңыз менен жакшы сөзгө арзыйсыз.

Эгиздер: Калган ишти кар басат. Бүгүнкү жумушту кийинкиге калтырбаңыз.

Бөйөн: Камсыз мерген карарган тоону атат. Жашоодогу бурулуштарга даяр болуңуз.

Арстан: Жолго чыксаң жолоочуңду шайлап ал демекчи жаныңызга ишенген адамдарды алыңы.

Бийкеч: Айларды айландырган, жылдарды да жылдырат. Башкаларды амалкөйлүгүңүз менен таң калтырасыз

Тараза: Зор иште жаның чыкса да даңкың калат. Чыдамкай болуңуз.

Чаян: Адашкың келбесе — кара, жаңылгың келбесе — сура, кеңешип кылган иш өкүндүрбөйт.

Жаачы: Калак кайраттуу болсо, кайык баарына чыдайт. Өзүңүздүн гана күчүңүзгө таяныңыз.

Текечер: Акыл оошот, ырыс жугушат. Тажрыйба алмашууга жолдор ачылат.

Суупери: Айдап тургузган да бийлик, ийрип жаткызган да бийлик. Мансабыңызды туура колдонуңуз.

Балыктар: Талаштан тактык жаралат. Сөзүңүзгө бекем туруңуз.


Улантып окуу

Буга чейинки пост

Амир Аскаров-Каралдым


Thumbnail
Background