Роналду дагы бир рекорд жаратты

Жүктөлгөн күнү 12.10.2021

Криштиану Роналду улуттук курама үчүн ойногон беттештер боюнча европалык рекордсмен болду.

Криштиану Роналду улуттук курама үчүн ойногон беттештер боюнча европалык рекордсмен болду. Португалия үчүн 181 оюн өткөрүп, ал Серхио Рамостун көрсөткүчүнөн ашып өттү.

Абсолюттук рекордчу Сох Чин Анндан ашып өтүү үчүн ал курама үчүн дагы 15 жолу ойношу керек. Sports.ru билдиргендей, Катарга каршы достук беттеште португалиялык форвард дагы бир рекорд орнотту – ал өлкө эсебине 46-голун киргизди.


Background