СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

     Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында, күрөш боюнча өтүп жаткан  Азия чемпионатында кыргыз балбандары: Акжол Махмудов,Тынар Шаршенбеков,Айпери Медет кызы жана Жоломан Шаршенбеков алтын медальга ээ болду. 77 киллограмм салмактагы Грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов алгач ирандык балбан  Ареф Мозафар Хабиболлахини 9:1 эсебинде утуп, жарым финалда кореялык Ким Хён У аттуу спортчуну 4:1 упай менен жеңген. […]

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова «Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу» мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен утуп алды. Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Кармаштын биринчи эле бөлүгүндө Мээрим адегенде контр чабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болду. […]

Белградда (Сербия) өтүп жаткан жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча (U-23) дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык спортчулар Эрназар Акматалиев менен Бекболот Мырзаназар уулу алтын жана күмүш байгеге ээ болушту. Финалдык беттеште Эрназар Акматалиев (70 кг) Вазген Теванян менен кез келип, аны 10:2 эсебинде жеңди. Буга чейин жарым финалдык беттеште Акматалиев азербайжандык балбан Мурад Евлоевди 12:8 эсебинде жеңген.

Кыргыз өлкөсүнүн сууда сүзүү боюнча спортчусу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө кубогунда 5-орунга ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 21-23-октябрда Доха шаарында (Катар) дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү этабы өттү. Анда кыргызстандык спортчу 3 аралыкка брасс ыкмасы менен сүздү. 200 метр аралыкта Денис Петрашов финалга ийгиликтүү жетип, анда 2 мүнөт 6,10 секунд жыйынтыгы […]

Дүйнөлүк футболдун мыкты борбордук форварддары аталды. Рейтингдин сап башында Польша курамасынын жана мюнхендик “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски жайгашат.   Экинчи орунда Норвегия курамасынын жана “Боруссиянын” жаш жылдызы Эрлинг Холланг турат. Үчилтикти жылдыздуу француз Килиан Мбаппе жабат. Мыктылардын катарында ошондой эле Гарри Кейн, Ромелу Лукаку жана Карим Бензема бар. Ал эми Криштиану Роналду 5-орунду ээледи.

Криштиану Роналду улуттук курама үчүн ойногон беттештер боюнча европалык рекордсмен болду. Криштиану Роналду улуттук курама үчүн ойногон беттештер боюнча европалык рекордсмен болду. Португалия үчүн 181 оюн өткөрүп, ал Серхио Рамостун көрсөткүчүнөн ашып өттү. Абсолюттук рекордчу Сох Чин Анндан ашып өтүү үчүн ал курама үчүн дагы 15 жолу ойношу керек. Sports.ru билдиргендей, Катарга каршы достук беттеште […]

Мээрим Жуманазарованын кылыгы күйөрмандардын жүрөгүн жылытты.   Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Мээрим Жуманазарованын кылыгы күйөрмандардын жүрөгүн жылытты. Биринчи орунга күрөш учурунда кыргызстандык балбан кыз япониялык Рин Мьядзини жеңди. Жуманазарованын ыкмасынан кийин атаандаштын тизеси катуу ооруп калган. Биздин спортчу Мьядзини колдоп, ага турууга жана аянтчага жетүүгө жардам берди. Беттештин баяндамачысы дагы бул көрүнүштү “мыкты спорттук […]

Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатындагы ийгиликтеринен кийин дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтингди Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму өзүнүн расмий сайтына чыгарды. Жаңы тизме Норвегиянын Осло шаарында өткөн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Анда кыргызстандык спортчулардын айрымдары алдыңкы сапка көтөрүлсө, кээ бири болуп көрбөгөндөй секирик жасаган. Кыз-келиндер күрөшүнөн эки жолку дүйнө чемпиону […]


Background