Денис Петрашов 5-орунду ээледи

Жүктөлгөн күнү 26.10.2021

Кыргыз өлкөсүнүн сууда сүзүү боюнча спортчусу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө кубогунда 5-орунга ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 21-23-октябрда Доха шаарында (Катар) дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү этабы өттү.

Анда кыргызстандык спортчу 3 аралыкка брасс ыкмасы менен сүздү. 200 метр аралыкта Денис Петрашов финалга ийгиликтүү жетип, анда 2 мүнөт 6,10 секунд жыйынтыгы менен коло байге ээсине 4 секундга утулуп, 5-орунду ээледи. 50 жана 100 метр аралыкта да кыргызстандык спортчу финалга чейин жетип, анда 8 орунду ээледи.


Background