Азияны багындырган чемпиондор

Жүктөлгөн күнү 22.04.2022

     Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында, күрөш боюнча өтүп жаткан  Азия чемпионатында кыргыз балбандары: Акжол Махмудов,Тынар Шаршенбеков,Айпери Медет кызы жана Жоломан Шаршенбеков алтын медальга ээ болду. 77 киллограмм салмактагы Грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов алгач ирандык балбан  Ареф Мозафар Хабиболлахини 9:1 эсебинде утуп, жарым финалда кореялык Ким Хён У аттуу спортчуну 4:1 упай менен жеңген. Финалдык беттеште казак спортчусу Максат Ережеповду 3:1 эсебинде жеңип, алтын байге алды. Ал эми Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалында япониялык Юка Кагамини жеңип, алгачкы ирет Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Бир туугандар Жоломан Шаршенбеков жана Тынар Шаршенбеков дагы Азия чемпиону аталды. Жоламан Шаршенбеков (60 киллограмм салмакта эркин күрөш) финалда ирандык Мехди Сейфола Мохсен Неджад менен кармашып, 4:0 упай эсебинде жеңишти камсыздады. Ал эми Тынар Шаршенбеков Грек-рим күрөшү боюнча 63 киллограмм салмактагылар арасында күрөшүп, финалда каказакстандык Мейрамбек Айнагуловду утуп,чемпион аталды.


Background