Спорт жаңылыктары

Дүйнөлүк футболдун мыкты борбордук форварддары аталды. Рейтингдин сап башында Польша курамасынын жана мюнхендик “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски жайгашат.   Экинчи орунда Норвегия курамасынын жана “Боруссиянын” жаш жылдызы Эрлинг Холланг турат. Үчилтикти жылдыздуу француз Килиан Мбаппе жабат. Мыктылардын катарында ошондой эле Гарри Кейн, Ромелу Лукаку жана Карим Бензема бар. Ал эми Криштиану Роналду 5-орунду ээледи.

Криштиану Роналду улуттук курама үчүн ойногон беттештер боюнча европалык рекордсмен болду. Криштиану Роналду улуттук курама үчүн ойногон беттештер боюнча европалык рекордсмен болду. Португалия үчүн 181 оюн өткөрүп, ал Серхио Рамостун көрсөткүчүнөн ашып өттү. Абсолюттук рекордчу Сох Чин Анндан ашып өтүү үчүн ал курама үчүн дагы 15 жолу ойношу керек. Sports.ru билдиргендей, Катарга каршы достук беттеште […]

Мээрим Жуманазарованын кылыгы күйөрмандардын жүрөгүн жылытты.   Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Мээрим Жуманазарованын кылыгы күйөрмандардын жүрөгүн жылытты. Биринчи орунга күрөш учурунда кыргызстандык балбан кыз япониялык Рин Мьядзини жеңди. Жуманазарованын ыкмасынан кийин атаандаштын тизеси катуу ооруп калган. Биздин спортчу Мьядзини колдоп, ага турууга жана аянтчага жетүүгө жардам берди. Беттештин баяндамачысы дагы бул көрүнүштү “мыкты спорттук […]

Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатындагы ийгиликтеринен кийин дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтингди Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму өзүнүн расмий сайтына чыгарды. Жаңы тизме Норвегиянын Осло шаарында өткөн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Анда кыргызстандык спортчулардын айрымдары алдыңкы сапка көтөрүлсө, кээ бири болуп көрбөгөндөй секирик жасаган. Кыз-келиндер күрөшүнөн эки жолку дүйнө чемпиону […]


Background