Таңкы шоу «Эрке таң»

Жүктөлгөн күнү 12.09.2022

Таңды сергек кылуунун көп ыкмалары бар. Алардын эң эле кызыктуусу — “Эрке таң”. “Кыргызстан Обондору” радиосунун таңкы шоу “Эрке таң” программасы иш күндөрү таңкы 7:00-10:00 чейин угармандарга кубаныч тартуулап, ойготуп келет. Шоу жеңил, кызыктуу жана таанып билүүчү рубрикаларга толгон. Мисалы, “Войс бот” заманбап оюн болсо, “Таңкы цитата” рубрикасы дүйнөлүк адабият багытында атактуу адамдардын учкул ойлорун чагылдырат. Арсен Курамаев, Айдай Кадырова жана Абай Темиров угармандарды жеңил ойготуп, таңды сергек баштап берет.


Background