Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону

Жүктөлгөн күнү 14.09.2022

   Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 60 кг. салмактагы Кыргызстандык эркин күрөш боюнча спорт чебери Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону аталды. Биринчи бөлүктө Венгрия жана АКШдан келген атаандаштарын жеңип, жарым финалда Казакстандык спортчу менен беттешкен. Чечүүчү  таймашта Болгариялык Эдмонда Армена Назаряны утуп, Кыргызстанга дагы бир жолу жеңиш алып келди. Эске сала кетсек,  буга чейин грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов 77 кг. салмака чейинки категорияда күрөшүп, биринчиликти багындырган. Акжол Махмудовдун бул жеңиши Сербияда өткөн турнирде Кыргызстан үчүн биринчи алтын медаль болуп калды.


Улантып окуу

Background