Бегимай Турусбекова Андрей Малаховдун шоусунда

Жүктөлгөн күнү 07.09.2022

«Ынтымак» сейил багында ырдап, бир түндө бүтүндөй Кыргызстанга таанылган Бегимай Турусбекова орусиялык белгилүү «Привет, Андрей» шоусунда өз талантын тартуулады.

Андрей Малаховдун бул шоусунда кыргызстандык Бегимай Турусбекова Уитни Хьюстондун «I Have Nothing»аттуу чыгармасын ырдап, социалдык тармактын колдонуучуларын дагы бир жолу таң калтырды. Эске сала кетсек, Бегимай Турусбекова 19-июнда «Ынтымак» сейил багында Селин Диондун «My Heart will go on» аттуу композициясын аткарып, чогулгандардын жана социалдык тармактын колдонуучуларынын сүймөнчүлүгүнө айланган.»Привет, Андрей» шоусунун толук версиясы «Россия-1» телеканалында жарыяланды.


Улантып окуу

Background