Эфирде күзгү сезон

Жүктөлгөн күнү 31.08.2022

     Салам достор «Кыргызстан Обондорунун» толук командасы жайкы эс алуудан соң жаны күч, жаны дем менен  1-сентябрьда күзгү сезонду баштайт. Эми сиз сүйгөн программалар жана ди-джейлер ар күнү жакшы маанай, позитив тартуулаганга даяр. Жуманын иш күндөрү танда сизди ойготкон «Эрке таң»болсо,  түшкү тынуугуңузда «Танапис» жана кечки, кызыктуу саякатка чакырган «Керемет шоу» программасы эми сиздер менен. Жана ошондой эле кино ааламындагы кызыктар менен таныштырган «Стоп-кадр» программасы ар шейшемби түшкү 2де сизди күтсө, ар жуманын кечинде музыкалык жарыш «Хит обонго» кошулуп, сиз сүйгөн аткаруучуга колдоо көрсөтсөңүз болот. Ал эми эс алуу күндөрү  «Сезим сырлары» жана ар ишемби кечки 6да жаңы программа «Чын -жүрөктөн» сизге кызыктуу кеч, кызыктуу маек тартуулайт.


Background