Кыргызстан Обондору GOLD! эми эфирде

Жүктөлгөн күнү 05.08.2022

   Сенин сүйүктүү радиоң «Кыргызстан Обондору» дагы бир жакшы жаңылыгы менен бөлүшөт! 2000-2010-жылдардагы  кыргыз эстрадасынын популярдуу, алтын хит ырлары эми бир топтомдо. Кыргызстан Обондору GOLD! бул сагынткан, эңсеткен, сага жакын, сенин шаттыка толгон жаштыгыңды сүрөттөгөн музыкалык чыгармалар! Унутулгус элестер, алгачкы сүйүү симптомдору, кусалык менен кызганыч, таарыныч менен табышуу … Кайрылып келбеген керемет эмоциялар жыйындысы — Кыргызстан Обондору GOLD до! Дал ушул плейлистти угууну кааласаң RadioPlayerKG тиркемесине же obondoru.kg сайтына баш бак! 


Улантып окуу

Background