РАДИО ЖАҢЫЛЫКТАР

Page: 9

21-март, Нооруз майрамына карата «Кыргызстан Обондору» радиосунда ди-джейлер менен жылдыздар жылдын мыкты батлын уюштуруп, сиз үчүн унтулгус эки сааттык эфир тартуулайт! Балдар жана кыздар таймашында жигиттердин командасында атактуу ырчы Кудайберди Айтбосунов болсо, учурдун мыктыларынын бири Сырга Сагынбекова ди-джей кыздар менен бирге убактыңызды күлкү-шаңга толтурат! Түшкү саат 1 де эфирге кошулуп, мыкты деген командага 0701 53 […]

8-март, Айымдардын эл аралык күнүнө карата «Кыргызстан Обондору» радиосунда бир күн бою сизди майрамдык эфир күтүүдө! Ди-джей жигиттер эфир алкагында маанайыңыздын демөөрчүсү болуп, күнүңүздү кызыктуу оюндарга жана кайталангыс белектерге толтурат. Ошондой эле 0701 53 10 66 Whatsapp номери аркылуу жакыныңызга жакшы сөзүңүздү жазып,  түз эфирде куттуктасаңыз болот.

 «Кыргызстан Обондору» радиосунда бул ишембиден тарта жаңы «Кавер тайм» программасы старт алды. Бул программа алкагында сиз сүйгөн ырлардын жаңыланган вариантын угуп, бир саат бою жандуу аткарууга жана кайталангыс атмосферага күбө боло аласыз. Учурдун таланттуу кавер аткаруучулары ар ишемби, кечки саат 6да сиз менен болуп, мыкты ырларды жана жакшы маанайды тартуулайт!

 

1-марттан тарта «Кыргызстан Обондору» радиосунда жаңы сезон старт алат! Иш күндөрү, ар бир таңда саат 7ден 10го чейин «Эрке таң» шоу-программасы сизди жаңы, кызыктуу оюндары менен позитивге толтурса, түшкү 12де «Танапис» программасы менен тыныгууңузду шаңга, жакшы сөз жана мыкты ырларга толтура аласыз. Ал эми кеч кызыгын сездирген «Керемет шоу» программасынын жаңы тандеми Бермет Айдарова жана […]

23- февраль, «Ата-Мекенди коргоо» күнүнө карата «Кыргызстан Обондору» радиосунун ди-джей кыздары сиздерге бир күн бою жакшы маанай жана майрамдык атмосфера тартуулайт! Эфир алкагында кызыктуу оюндарга катышып, баалуу белектерге ээ болуп, жакыңызды куттуктап, эң башкысы көңүлдүү убакыт өткөрүңүз!

https://obondoru.kg/wp-content/uploads/2023/02/e-andashev-zhany-yr.mp3

Бул жумадан баштап, сиз сүйүп уккан «Эрке таң» жана «Керемет шоу» программаларынын алкагында жакыныңызга жакшы сөзүңүздү 0701 53 10 66 WhatsApp номерине жазып, өзгөчө эмоция тартуулаганга сонун мүмкүнчүлүк! Ар күнү таңкы 7 ден 10 го чейин жана кечки 5 тен 7ге чейин эфирди угуп, жакыныңыз тууралуу оригиналдуу смс билдирүү жана ал сүйгөн ырды жазып калтырсаңыз, […]

https://obondoru.kg/wp-content/uploads/2023/02/altynaj-asanbekova-zhashtyk-kez.mp3
https://obondoru.kg/wp-content/uploads/2023/01/arsen-erkelep.mp3

Background