Нурлан Насип — «Арзуу»

С.: Зулайка Мурзатаева

О.: Сыймык Бейшекеев

Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат,

Ойноок көз курбум карашың кымбат.

Сагыныч эзет сары оору кылып,

Өзгөчөм деймин башкадан ылгап.

Кайырма:

Ооруду жүрөк ок болуп тийген,

Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн.

Канча жан мага арзыды экен,

А бирок сенден башканы сүйбөйм.

Сагындым сени үлбүрөп турган,

Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм.

Жол бою өскөн дарактай болуп,

Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнай.

Кайырма:

Кыйбасым ойлон кымбатым жандын,

Жанымда болуп жалындай жангы.

Антпесе өмүр боектой өчөт,

Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.

Кайырма:

 

Background