Эфирде жаңы оюндар
Жүктөлгөн күнү 07.12.2021
Достор, кышкы сезонду сиздерге жага турган сонун оюндар менен баштайбыз)
«Эрке таң»
«Фразетест» — Кыргыз фразеологизмдерин тест түрүндө берип, ватсаптан туура жоопту күтөбүз.
«Танапис»
“Өзгөчө күн” – Жылнаамадагы күндүн кызыктуу тарыхына, фактыга таянып, кимдир бирөөнүн туулган күнүн жашырып, белек ойнотобуз.
«Керемет шоу»
«Дилемма” – Эки алып баруучу сөздөрдү бөлүшүп алып, жактайт, мактайт, талашышат. Ким өзүнүн тандоосун жакшылап негиздеп берсе, ошол тарап жеңишке жетет.
Биз менен бардыгы кызыктуу! Жашоо керемет!
Обондору GOLD
Обондору FOLK
Обондору LITE