Эфирде жаңы сезон!

Жүктөлгөн күнү 23.08.2024

26-августтан тарта жан шерик радиоңуз
«Кыргызстан Обондору» жаңы сезонду баштайт!
2 айлык эс алуудан соң кайрадан «Эрке таң» жана «Керемет шоу» программалары жаңыланган версияда эфирге чыгат. Ошондой эле аптанын дүйшөмбү күнү кино кызыктарын эфирге алып чыккан «Стоп-кадр», жума кечинде коомдогу актуалдуу темаларды «ТалкууLite» программасынан уга аласыз. Ал эми ишемби кечки 6да, өлкөнүн башкы музыкалык чарты «Хит Обондо» сиз сүйгөн ырларга добуш берип, жекшемби 18:00до, жылдыздуу коноктор менен болгон терең сүйлөшүүлөргө күбө боло аласыз. Жана дагы кечти романтикага бөлөгөн «Сезим сырлары» программасы ишемби жана жекшемби күндөрү 23:00до обого чыгат.


Улантып окуу

Кийинки пост

Эрке таң


Thumbnail
Background