Сынактарга катышуунун эрежелери
Бекитем
“Европа” РК ЖЧКсы
Башкы директор
Бекиров А.З.
“Кыргызстан Обондору” РАДИОСТАНЦИЯСЫНДА
СЫНАКТАРДА КАТЫШУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ
- “Кыргызстан Обондору” радиостанциясынын (мындан ары – Уюштуруучу) эфиринде өткөрүлгөн оюндарга жана сынактарга, ошондой эле, obondoru.kg сайтындагы викториналарга жана сынактарга 18 жашка чыккан каалаган жеке адам катыша алат, эгер конкретүү оюндун/сынактын/викторинанын өткөрүү эрежелеринде башкача көрсөтүлбөсө.
- Ар бир катышуучу төмөнкү категориялар боюнча байгелерди ойнотууга катыша алат:
- Баасы 1000 сомго чейинки байгелер боюнча жылына эн көп дегенде эки жолу;
- Баасы 1000 сомдон жогору байгелер боюнча жылына бир гана жолу;
- Катышуучу бир эле байге ойнотууга экинчи жолу катыша албайт.
- Катышуучу “Кыргызстан Обондорунун” эфиринде жана obondoru.kg сайтындагы байгелерди ойнотуу эрежелери менен таанышкандыгын ырастайт.
- Катышуучу оюнга/сынакка/викторинага катышуудан баш тарта алат жана өзүн четтей алат.
- Катышуучу оюнга/сынакка/викторинага катышууга байланыштуу өзүнүн укуктарын жана милдеттерин үчүнчү жактарга өткөрүп, же дагы башка жолдор менен тапшыра албайт.
- Катышуучу оюнга/сынакка/викторинага катышуу боюнча бардык чыгымдарды, телефондук байланыш кызматы үчүн төлөмдөрдү (эгер зарыл болсо) өзү көтөрөт, эгер конкреттүү оюндун/сынактын/викторинанын өткөрүү эрежелеринде башкача көрсөтүлбөсө.
- “Кыргызстан Обондору” радиостанциясынын эфиринде жана obondoru.kg сайтында өткөрүлүүчү оюндарга/сынактарга Уюштуруучунун жана/же анын Филиалдарынын кызматкерлерине жана өкүлдөрүнө, ошондой эле оюн/сынак/викторинаны уюштурууга тиешелүү бардык юридикалык жактарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө катышууга тыюу салынат.
- Уюштуруучу “Кыргызстан Обондорунун” эфириндеги жана obondoru.kg сайтындагы оюндарда/сынактарда/викториналарда бир нече ирет байге жеңүүчү болгон адамдарды оюнга/сынакка/викторинага катыштырбай коюуга, ошондой эле, мындай адамдар “Кыргызстан Обондорунун” эфириндеги жана obondoru.kg сайтындагы оюндарда/сынактарда/викториналарда катышуучу болгону аныкталса, аларга Байгелерди бербей коюуга укугу бар.
- Катышуучу өзүнүн жеке маалыматын Уюштуруучу тараптан иштелип чыгышына макул.
- Ушул Эрежелерди сактоо шартында, Катышуучунун өздүгүн тастыктоочу документ жана эгер Уюштуруучу талап кылса, башка маалыматты дагы берүү менен, Катышуучу өзү келгенде гана ага байге тапшырылат.
- Катышуучу ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн маалыматты жана документтерди тапшырбаса, же өзү жөнүндө жалган маалымат (аты-жөнү, туулган жылы) берсе, Уюштуруучу байгени берүүдөн баш тартууга укугу бар.
- Катышуучу ушул Эрежелердин 2-пунктун бузса, Уюштуруучу ага байге берүүдөн баш тартууга укугу бар.
- Катышуучу оюнга (сынакка) катышкан маалда берген жеке маалыматы менен Байгени алууда көрсөтүлгөн документтеги маалымат дал келбесе, Уюштуруучу Жеңүүчүгө Байге берүүдөн баш тартууга укугу бар.
- Утушту тапшыруу дареги: Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4 б (жумушчу күндөрү саат 16.00дон 18.00 го чейин).
- Утушту алуу мөөнөтү: утуш жарыялангандан тартып 14 (он төрт) календарлык күн, эгер конкреттүү оюн/сынак/викторинанын эрежелеринде башкача көрсөтүлбөсө.
- Байгенин ордуна ага тең баада акча төлөнүп берилбейт.
- Уюштуруучу оюндар/сынактар/викториналардын өткөрүү эрежелерин өзгөртүү укугун өз артында калтырат. Катышуучу конкреттүү оюндар/сынактар/викториналарга катышуудан мурда алардын өткөрүү эрежелери менен өз алдынча таанышып алууга милдеттүү.
- Көңүл жубатуучу байге: комиссиянын өзүнчө чечими менен кошумча байге берилиши мүмкүң.
- Байге алуучу төлөй турган салыктарды жана төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын салыктар жана төлөмдөр тууралуу аракеттеги мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөйт.
- Бардык талаш-тартыш маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилет. Макулдашуу жетишилбесе, талаш Уюмдун жайгашкан жери боюнча сотто каралат.
Соц.тармак аркылуу жазыңыз