РАДИО ЖАҢЫЛЫКТАР

Page: 3

 Жаздын биринчи күнүнөн тарта жашоо кереметин сездирткен, жан шерик радиоңуз «Кыргызстан Обондорунда» жаңы сезон старт алат!!! Сиз сүйүп уккан «Эрке таң» жана «Керемет шоу» программаларында жаңыланган интерактивдүү оюндарга катышып, күнүңүздү түгөнбөс позитив менен өткөрүңүз! Ошондой эле жаңы ди-джейлердин автордук жаңы программаларына кулак салыңыз! “ЭСКЕРТМЕ”- дүйнөлүк жана кыргызстандык шоу-бизнес жаңылыктары, театрда, маданият айдыңындагы саамалыктарды Ханзада Байматова […]

23-февраль, Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата «Кыргызстан Обондору» радиосунун кылыктуу кыздары  музыканын мыктысын, маанайдын жакшысын сунуп, бир күн бою майрамдык эфир тартуулайт! Толкунга кошулуңуз дагы бул күнү интерактивдүү оюндарга катышып, баалуу белектерди утуп, эң башкысы жаркын эмоциялардын топтомун алыңыз!

https://obondoru.kg/wp-content/uploads/2025/02/mirbek-atabekov-rajmalynyn-yry.mp3
https://obondoru.kg/wp-content/uploads/2025/02/islam-akmatov-ashygym.mp3

24-январь, Кыргызстан Обондорунун күнүнө карата жан шерик радиоңуз бир күн бою майрамдык эфир тартуулайт! 09:00 дон 22:00 го чейин, «Кыргызстан Обондору» радиосу студиясында өлкөбүздүн көрүнүктүү аткаруучулары репертуарындагы эң популярдуу ырларын жандуу аткарат! 24-январь, толкунга кошулуп, бул жылдын башкы музыкалык майрамына күбө болуңуз!

https://obondoru.kg/wp-content/uploads/2025/01/suran-sadybakasov-өzүmdү-өzүm-aldajmyn.mp3

 Бул майрамды 365 күн күтөбүз! Бул күнү кийинки жылга бийик максаттарды коёбуз! 24 саат, 7 күн, 52 жума бою жаныңда болгон Кыргызстан Обондору радиосу Жылдын эң сыйкырдуу майрамында да сени менен бирге! Декабрдын отуз бири, таңкы 7ден жаңы жылга чейин  жылдын башкы майрамын жан шерик радиоң менен бирге тос!!! Бул майрамдык эфирде сизди интерактивдүү оюндар, […]

Жаңы жылга карата ЖАП-ЖАҢЫ ОЮН!!!  Аты дагы, өзү дагы, белеги да чуулуу «ЖЫЛАН ЧАКТЫ» оюну түз эфирде!  Күн сайын «Эрке таң» жана «Керемет шоу» программаларын угуп, Жаңы жылдык ырдын кайсы сөзүн 25тин жыланы чакканын сиз аныктап,  0312 53 10 65 номуруна чалып, туура жоопту айтыңыз. Жеңүүчү аталаган угармандарыбызга өзгөчө белектер топтомун камдап койгонбуз!!!

«Аяз ата келиңиз» акциясы Кыргызстан Обондорунда. Бала кездеги Аяз атага жазган жоопсуз каттарды Кыргызстан Обондорунун Аяз атасы 20-декабрга чейин кабыл алат! Оригиналдуу, эң кызыктуу билдирүүнү тандап, каалоолоруңузду ЭМИ аткарат!!! 0701 53 10 66 ватсап номерине кат жазыңыз!

Күн сайын жашоонун кереметин сездирткен «Кыргызстан Обондору» радиосунда жаңы программа!!! Ишемби,жекшемби күндөрү, саат 18:00до жан шеригиңиз менен эс алууңузду жагымдуу өткөрүңүз!!! Жеңил форматтагы бул программа сиздин кечиңизди кооздоп, убактыңыздын көңүлдүү өтүшүн камсыздайт! «КЕЧКИ РЕЛАКС» КЕРЕМЕТ ТОЛКУНДА!!!


Background