РАДИО ЖАҢЫЛЫКТАР

Page: 2

24-январь, «Кыргызстан Обондору» радиосунун күнүнө карата 25 сааттык кайталангыс шоу сизди күтүүдө! Бул убакыт аралыгында учурдун алдыңкы ырчылары жандуу ырдап, кызыктуу маек курат. Ошондой эле буга чейин эмгектенип кеткен «Кыргызстан Обондору» радиосунун эң популярдуу алып баруучулары бир эфирде чогулуп, өз доорунун кызыктары, эстен кеткис окуялары менен бөлүшөт!

МИЛЛИОНДОГОН УГАРМАН! МИҢДЕГЕН ЫРЛАР! ЖҮЗДӨГӨН ЫРЧЫ! БИР РАДИОДО! КЫРГЫЗСТАН ОБОНДОРУ! 25 жыл эфирде! Муундарга музыка магиясын арнаган номер 1-радио 25 сааттык кайталангыс шоу тартуулайт! Популярдуу аткаруучулар! Сиздин доордун үндөрү 23-январь 23:00до түз эфирде! Кыргызстан Обондору- жаштык жыргалын сез!

«Кыргызстан Обондору» радиосунун 25 жылдыгына карата күн сайын сиз сүйүп уккан ди-джейлер бир толкунда! 23-январь, 23:00дөн баштап, бардык алып баруучулар 2 саат бою, сиз үчүн кайталнгыс шоу жаратат. Бул убакыт алкагында ар бир ди-джей алгачкы эфириндеги кызыктарын, бири- биринин өзгөчө кылыктарын айтып беришет. Андыктан бул жылдын эң башкы унутулгус эфирин өткөрүп албаңыз! WhatsApp: 0701 531066

https://obondoru.kg/wp-content/uploads/2024/01/bek-borbiev-zhalganym-aj.mp3
https://obondoru.kg/wp-content/uploads/2024/01/freeman-996-zharmashyp.mp3
https://obondoru.kg/wp-content/uploads/2023/12/erlan-andashev-zhany-zhyl.mp3

Жаңы жылдык ырлардын кызыктуу тарыхын угуп, ырахат алыңыз! «Сыйкырдуу ырлар» программасы, 18-декабрдан баштап, саат 10:30 жана 19:30да эл билбеген музыкалык фактылар менен Бермет Айдарова бөлүшөт.

Кыргызстан Обондорунун эфиринде ЦУМ синема жана Манас кинотеатрына билеттерди ойнотобуз! Таңкы жана кечки шоулорубузда Кыргызстан Обондорунун саунд актерлору дүйнөлүк тасмалардан үзүндү аткарып беришет. Кайсы тасма же кайсы каарман аткарарын туура тапкандарга, популярдуу кинотеатрларга 2 кишилик жолдомолорду берип турабыз! 18-декабрлан баштап 8:20да жана 17:20да эфирди угуп туруңуз!

18-декабрдан баштап Кыргызстан Обондорунун эфиринде МУЗЫКАЛЫК ИНТУИЦИЯ жаңы жылдык оюну башталат! Биздин плей-листте алдыда кайсы жаңы жылдык ыр жаңырарын таап, баалуу белек утуп алууга болот! Күн сайын белектер топтолуп отуруп, балким 15, 30 же 40 белектин ээси, мына, Сиз болуп калышыңыз толук мүмкүн! Эфирди угуп туруңуз!

https://obondoru.kg/wp-content/uploads/2023/12/erlan-andashev-kelchi.mp3

Background