Кыргызстанда өрттөн жабыркагандардын саны көбөйдү
Кыргызстанда өрттөн жабыркагандардын саны көбөйдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, январдан тартып азыркы тапка чейин республикада 2,5 миңден ашык тилсиз жоо катталды. Материалдык жоготуулар 490 миллион сомдон ашат.
Былтыр болсо, бул сумма 217 миллион сомдун тегереги болчу. Өрт 51 адамдын өмүрүн алып кетти. Ал эми былтыр тилсиз жоодон 34 адам мерт кеткен. Жалын чыгуугун негизги себептери катары шалаакы мамиле жана электр жабдууларын этиятсыз колдонуу эсептелет.
Соц.тармак аркылуу жазыңыз