Көз тууралуу эң кызыктуу 10 факт
- Адамдар компьтердин бетиндеги жазууларды барактагы текстке салыштырмалуу 25%га жай окуйт.
- Биздин көздөрүбүз эч качан көлөмүн өзгөртпөйт. Төрөлгөндө дагы ушундай көлөмдө болгон.
- Качан биз жакшы көргөн адамдарыбызды караганда каректерибиз жарым эсе чонойо түшөт.
- Ар бир көз 107 миллион клетканы өзүнө камтыйт, алардын баардыгы жарыка сезгич келет.
- Орточо эсеп менен өмүрүбүздө 24 миллион ар кандай сүрөттөрдү көрөбүз.
- Ар бир кирпик 5 ай гана жашайт
- Аарыларды көздөрүндө чачтары бар. Алар шамалдын багытын жана ылдамдыгын аныктаганга жардам берет.
- Көзүбүз канчалык чоң болбосун 6/1 бөлүгүн гана көрө алат экенбиз.
- Адамдын көзү үч гана спектралдык аймакты сезе алат: кызыл, көк жана сары. Башка түстөр бул түстөрдүн айкалышы болуп саналат.
- Көз саат сайын мээге миңдеген маалыматтарды жөнөтөт. Ошондой эле ал секундасына 50дөн ашык буюмду көрө алат.
Соц.тармак аркылуу жазыңыз