skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

    «Эверест» дүйнөнүң эң бийик чокусу!

    Эверест чокусу — бул жер шарындагы эң бийик чекит. Эбегейсиз көрүнгөн  бул чокуну буга чейин эр жүрөк альпинисттер бир нече жолу багындырып келишкен, бирок бийиктикке аны багындырам дегендин баары эле көтөрүлгөн эмес.

    Эверест планетанын 8848 метр бийиктиктеги эң бийик жери. Гималай тоо системасынын бөлүгү болуп саналат жана Тибет менен Непалдын чек арасында жайгашкан. Анын көрүнүшү үч бурчтуу пирамидага окшоп, 5-чакырымынан тарта чокуга чейин мөңгүлөр менен капталган. Тоонун аталышы англиялык геодезист Джордж Эвересттин урматына аталган. Ал эми Эвересттин чокусун 1953-жылы 29-майда Жаңы Зеландиялык Эдмунд Хиллари алгачкы болуп багындырган.  Дуйно эли кандай деп тааныбасын жергиликтуу тургундар учун ал Жомолунгма, которо келгенде («шамалдын кожойкеси») деп тушундурулот. Бул тоону багындыруу ар бир альпинист үчүн сыймык, көпчүлүк учурда аткарылбай калган кыял. Бүгүнкү күнго чейин дүйнөдөгү эң бийик тоого 4000ден ашуун альпинист барса, жыл сайын дуйнонун торт бурчунан  чокууга чыгуу учун 500дөн ашуун адам каттайт.

    Эверест — Жердеги эң бийик чоку, бирок эң бийик тоо эмес. Ага болгон саякат жыл сайын жаз айларында болот. Себеби башка мезгилдерде ал жерге баруу таптакыр мумкун эмес. Кышында чокудагы температура минус алтымыш градуска чейин төмөндөп, шамал секундасына эки жүз метрге чейин ылдамдыкка жетет. Коптогон альпинистердин 4 мин метр бийиктике которулгондо дем алуусу кысылып, башы айланып, коздору тумандай баштайт. Ал эми чокусуна жеткен адамдын организиминде кычкылтек кадимки нормадан 4 эсеге аз болот. Анын негизги себеби бир: денебиз мындай шартта жашоого ыңгайлашкан эмес. Анын устуно Абада кычкылтектин концентрациясы төмөндөп, биздин денебиз, сөзмө-сөз айтканда, акырындык менен иштоосун токтото баштайт. Ошондуктан тоого чыккан ар бир альпинист кошумча кычкылтек толтурулган баллонду жанына ала журот.

    Аз да болсо керектуу маалыматты сунган Жер ай рубрикасы, аты жонум Тологон Жигитов.

    Соц.тармак аркылуу жазыңыз

    Добавить комментарий

    Back To Top
    ×Close search
    Поиск