ЭРКЕ ТАҢ!
Жүктөлгөн күнү 29.08.2026
Күздүн алгачкы күндөрү менен «Кыргызстан Обондорунун» эң башкы программасы — «Эрке таң» кайрадан керемет толкунда!
Эки айлык эс алуудан кийин шайыр ди-джейлер Арсен менен Айдай кайрадан эфирде! Эми алар иш күндөрү таңкы саат 7ден 10го чейин Кыргызстанды күлкү, музыка жана жакшы маанай менен ойготушат!
Бул сезондо сиздерди жаңыланган оюндар, пайдалуу жана кызыктуу рубрикалар, эң башкысы — эселенген эмоциялар күтөт!
Андыктан керемет толкундан алыстабаңыз! «Эрке таң» менен бирге ар бир таңыңызды жеңил, шаңдуу жана жогорку маанайда баштаңыз!
Обондору GOLD
Обондору FOLK
Обондору LITE