ЭФИРДЕ ЖАЙКЫ СЕЗОН!
Жүктөлгөн күнү 29.06.2026
29-июнь, аптанын алгачкы күнүнөн тартып, табити мыктылардын толкунунда — «Кыргызстан Обондору» радиосунда жайкы сезон старт алат!
Эми жайдын ар бир таңын жан шеригиңиз менен «Ойноп ойгон» программасы аркылуу саат 07:00дөн 10:00гө чейин жеңил жана жагорку маанай менен баштаңыз.
Ал эми кечки саат 18:00дө сиз чыдамсыздык менен күткөн алтын доорго саякат алабыз. Иш күндөрү эфирге чыгуучу 120 мүнөттүк «Gold Show» программасында 2000-жылдардын башындагы музыкалык чарттарды багындырган эң хит ырлар кечиңизди кайталангыс атмосферага бөлөйт.
Андыктан «Кыргызстан Обондору» радиосунун толкунунда болуп, жайкы эс алууңузду унутулгус өткөрүңүз!
Обондору GOLD
Обондору FOLK
Обондору LITE