ЭФИРДЕ ЖАҢЫ СЕЗОН!

Жүктөлгөн күнү 24.08.2025

Музыканын сапатына басым жасап, угармандарына жашоо кереметин тартуулаган «Кыргызстан Обондору» радиосу 25-августтан тарта эфирде жаңы сезонду баштайт! Бул дүйшөмбүдөн баштап эми ар иш күндөрү «Эрке таң» шоу программасы таңкы 7де кыргызстанды ойготсо, саат 17:00до кечтин локомотиви «Керемет шоу» маанайыңызды алдыга сүйрөп, чарчооңузду басат. Ошондой эле заманбап музыкага коштолгон жалындуу саламдар ар иш күндөрү түшкү 2де 60 мүнөт бою «Обон чат» программасында жаңырат. Эгер тасма сүйүүчүсү болсоңуз дүйшөмбү сайын 12:00 до Арсен Курамаев менен бирге «Стоп кадр» программасында кино дүйнөсүндөгү кызыктар менен таныша аласыз. Ал эми сүйүүдөгү ар түркүн сезимдерди ыр саптар аркылуу жеткирген «Сезим сырлары» программасын ишемби жана жекшемби түнкү саат 11де уксаңыз болот.


Улантып окуу

Кийинки пост

ЭРКЕ ТАҢ


Thumbnail
Буга чейинки пост

GOLD ШОУ


Thumbnail
Background