ЭФИРДЕ ЖАҢЫ СЕЗОН!
Жүктөлгөн күнү 28.02.2025
Жаздын биринчи күнүнөн тарта жашоо кереметин сездирткен, жан шерик радиоңуз «Кыргызстан Обондорунда» жаңы сезон старт алат!!! Сиз сүйүп уккан «Эрке таң» жана «Керемет шоу» программаларында жаңыланган интерактивдүү оюндарга катышып, күнүңүздү түгөнбөс позитив менен өткөрүңүз!
Ошондой эле жаңы ди-джейлердин автордук жаңы программаларына кулак салыңыз!
“ЭСКЕРТМЕ”- дүйнөлүк жана кыргызстандык шоу-бизнес жаңылыктары, театрда, маданият айдыңындагы саамалыктарды Ханзада Байматова бөлүшөт! Дүйшөмбү, жума күндөрү, саат 10:30 жана 19:30 да.
“ЭМНЕ ҮЧҮН?”- жалпы планетадагы адамдардын түркүн кызыктуу суроолоруна Даян Маликов жооп таап берет. Шейшемби, бейшемби, саат 10:30 жана 19:30да