ДҮЙНӨЛҮК РЕКОРД!

Жүктөлгөн күнү 30.09.2021

62 сааттык рекорд!
Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү “Кыргызстан обондору” радиостанциясы дүйнөлүк рекорд орнотту! Ди-джейлер Арсен Курамаев, Бермет Айдарова жана Абай Темиров 62 саат бою тынбай түз эфир алып барышты. Масштабдуу иш-чара мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулду. Эфирдин алкагында студияга кыргыз эстрадасынын алдыңкы жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Нурлан Насип, Нурмат Садыров, Омар, Арсен жана башка жүздөгөн таланттуулар өнөрлөрүн тартуулап, жандуу ырдашты. Андан тышкары, Кыргызстандын ар тармактагы рекордчулары, спортчулар, соцтармактан дүйнөгө таанылгандар эфирдин коногу болду. Ошондой эле угармандарга кызыктуу оюндар өткөрүлүп, активдүүлөрүнө баалуу белектер ыйгарылды. Айрымдары студияга келип, “Кыргызстан обондорунун” фирмалык белектерине ээ болушту.

Эфир 22-сентябрь, шаршембиде эртең мененки саат 8де старт алып, 24-сентябрь жумада кечки 10до жыйынтыкталды. Бул убакыт аралыгында радионун жалпы жамааты рекорд коюп жаткан 3 алып баруучуну колдоп, 35 сааттан ашык уктабай, кызмат кылышты. Ди-джейлердин айтымында эфирди алып баруудагы эң оор учур айрыкча таңкы саат 5тен 7ге чейинки аралык болду. Эмоционалдык жактан кыйын болгону менен келген меймандардын колдоосу, шаңдуу чыгармалары, юморлору, угармандардын соцтармактар аркылуу колдоп-коштогону дем берип, уйкусуроону, чарчоону анча сездирген жок.

Кызыктуусу, эфирге келген коноктор куру кол келишкен жок. Бири палоо көтөрүп келсе, башкасы үйүнөн куурдак жасап, дагы бири атайын тапшырык менен түрдүү даамдарды жеткирип жатышты. Ынтымактуу калкыбыз бирдиктүү экенини эч ким танбаса керек. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар дагы соцтармак аркылуу колдоп коштоп, жан үрөп турушту. Ушундай толкунданган учурда, патриоттук сезидер ойгонбой койбойт.


Барынан толкунданткан учур, эфирдин кульминациясы десек дагы туура болот. Бул – акыркы эки саат же 60тан 62-саатка чейинки аралык. Алып баруучулардын чарчаңкы маанайы артта калып, башында көп сезилген убакыттын аз калганы сезиле баштады. Маарага жакындагандай сезимдер коштоп, активдүүлүк күчөдү. 2 сааттын ичинде бийлеп дагы, ырдап дагы жаттык. Бул учурда интернет аркылуу түз эфирге назар салып отурган чет өлкөдөгү кыргызстандыктар “чыдагыла, биз силер мененбиз, силердин колдон келет”, деп коштогону, айрым угармандар эфирдин жыйынтыкталышын көрөбүз деп жумуштарынан чыкпай, кечке чейин кармалганы, керек болсо 72 жаштагы угарман дагы уйкусунан калып, “Кыргызстан обондорун” угуп жатканы эң толкунданткан учур болду. Саналуу мүнөттөр калып, студияга жалпы жамаат кирип келип, эфир шаңдуу маанай, кол чабуулар, куттуктоолор менен жыйынтыкталды. Бирок, бул учурда бийик көрүнгөн милдет артта калып, көптөн күткөн, айлап даярданган рекорд көз ирмемде артта калганы көкүрөктө боштукту пайда кылды. Бул учурда ийгиликтин даамын кое бербей тургуң келген сезим менен кошо “Биз максатыбызга” жеттик деген өзүнө-өзү канааттанган толкундоолор көдөндү ээлеп турду. Ушундай аралашкан эмоциялар өзгөчө толундантып, 3 күн 2 түн бою максаты бир болгон кесиптештердин көзүнөн ийгиликтин нуру тамды. Кубаныч, катуу айтканда мактаныч, Эверестти багындаргандай сезимдер сөзсүз түрдө көздөн жашты тамдырат экен.

Эске салсак, буга чейин 2015-жылы россиялык «Русское радионун» ди-джейлери 60 сааттык эфир алып барып, Гиннес рекорддор китебине катталган. Андан кийин, ушул эле жылы “Кыргызстан Обондору” радиосу 61 саат тынымсыз эфир уюштуруп, “Улуттук рекорд” деп аталып, рекорд жаңыланган.62 саатык дүйнөлүк рекорд Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына жана эне тил күнүнө карата өткөрүлдү.


Улантып окуу

Background