skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

    Пайдалуу уйкунун 5 эрежеси

     

    Уйку — жыргалчылыктын жана сулуулуктун ачкычы. Тилекке каршы, биз дайыма эле жетиштүү уктай албайбыз.. Кимдир бирөөнү уйкусуздук азаптайт, кимдир бирөө жаман түш көрөт, бирөөнү терезенин сыртында жамгыр ойготот. Ар бир адамдын өзүнүн себептери бар. Илимпоздор жакшы жана пайдалуу уйкунун 5 жөнөкөй эрежесин сунуштайт.

    1. Күн батканга чейин кечки тамакты ич. Кийин — тамак-аш кыйынчылык менен сиңет. Дене толугу менен эс ала албайт. Бул көп учурда начар уйкунун себеби болуп саналат.
    2. Психологдор кеңеш беришет: уктаар алдында эртеңки күндү пландаштырып, кагаз бетине бүгүн башыңыздан өткөн бардык жакшы нерселерди жазыңыз. Сиз уктап жатканда, сиздин аң-сезимиңиз бул маалыматты иштетип, эртең менен жакшы маанайда йгоносуз.
    3. 22-00дө жатып, 8 сааттан ашык эмес укташыңыз керек. Көпчүлүк улуу адамдар таңкы саат 5-6да ойгонушат. Бул алардын ийгилигинин бир бөлүгү.
    4. Ойгонор замат күзгүнүн алдына туруп, үч жолу: «Мен сени сүйөм!» деп айтыңыз. Бул сиздин өзүн-өзү сыйлоо сезимиңизди жогорулатат.
    5. Эртең мененки тамакты сөзсүзз ичиш керек. Көпчүлүк эртең менен тамак жегенди жактырбайт. Бул жерде эң башкысы процесстин өзү: дасторконго отур, телевизорду күйгүз, бир нерсе бышыр. Психологдордун айтымында, ушул жөнөкөй кадамдар эртеңки күнгө каалаган маанайды алууга жардам берет.

    Соц.тармак аркылуу жазыңыз

    Добавить комментарий

    Back To Top
    Поиск