skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Жылына канча жолу театрга барасыз?

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

b2Адам баласында жан дүйнөнү байытуу деген түшүнүк бар. Биз жан дүйнөбүздү кантип байытабыз? Айрымдары китеп окуйт, айрымдары театрга барат… Театр бул коомдук жай болгондуктан биз анда өзүбүздү маданияттуу алып жүрүшүбүз керек. Демек, теартдагы эрежелер тууралуу бир аз сөз кылалы.
Театр-искусствонун бир түрү. Адамдын жан дүйнөсүн азыктандырат. Анда актерлор ар кандай спектаклдарды сахнада аткарышат. Алардын жандуу аткарышы  адамга  өзгөчө дем-күч берет.
Биз кайсы жерге болбосун кечигүүнү жакшы өздөштүргөнбүз. Ал эми Теартга бара жатканда бул адатыңызды унутуп койгонуңуз туура. Театрда спектаклдер кечикпей башталат. Андыктан башкаларды алагды кылбашыныз керек.
Театрга барганда өзгөчө тынчтыкты сактаганыбыз туура.  Эгер мекеменин ичинде тынчтык жок болсо, спектакль  коюучуларга да, көрүүчүлөргө да тоскоолдуктар пайда болот.
Театр-маданияттын бир бөлүгү болгондуктан, ал жака бара жатып, кийип жүргөн кийимибизге да көңүл бурушубуз керек.
Азыр ар бир адамда уюлдук телефон бар. Аны таетрга киргенде өчүрүп койгонубуз эле туура болсо керек.
Өз ара сүйлөшүү, жаныңыздагы адамдарга жолтоо болот. Театрдан спекталь көрүш керек. Ашыкча сүйлөп же ал жерден жеке маселени талкулоо туура эмес көрүнүш.
Ары бери басууну токтотуп, тынч, көңүлдүн баарын болуп спектаклга буруш керек. E`tiket-v-teatre
Театрдагы эң одоно көрүнүштөрдүн бири-бул ошол жерден тамактануу. Колуңуздан келсек, тамакты, суусундукту театрдан эмес, ашканга барып ичкениңиз туура.
Спектакль аяктаган соң, чыгып кетүүгө шашылбаңыз. Кол чаап актерлорду узатып коюңуз. Актерлор үчүн көрүүчүлөрдүн кол чабуусу эң мыкты сыйлык, сыймык болуп эсептелээрин унутпаңыз.
Чыгып бара жатып, эки жакты карап, таштанды болсо алып, маданияттуу чыгып кетүүгө аракет кылыңыз. Бул сиздин теардын өнүгүшүнө болгон салымыңыз болот.
Театрда көрсөтүлгөн оюндар тууралуу пикириңизди элдин көзүнчө айтпай ичиңизге сактап, жакшы нерселерди өзүнүзгө сиңирип алууга үйрөнүңүз.
Маданияттуулукка үйрөнүүнү калаасаңыз, жан дүйнөңүздү байытууну көздөсөңүз, анда театрга байма-бай барып турууңузду сунуштайбыз.

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск