skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Жолуккан адам менен туура учурашууну билиңиз…

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

b10Жумуштабы, окуудабы же жөн гана көчөбү таанышынызга жолугуп калсак, учурашабыз. Жок дегенде баш ийкешип өтөбүз. Бул биздин маданиятуулугубуздан, адамкерчилигибизден кабар берет.  Ар бир адам өз жөндөмдүүлүгүнө жараша адам менен учурашып, баарылаша алат. Эми ушул эки адамдын учурашуусу жана коштошуусу тууралуу бир аз сөз кыла кетпесек болбос.

1) Үйгө конок келгенде же жөн гана таанышыңыз келип калса, сөзсүз түрдө үй ээси учурашуусу керек. Анткени үйгө кирип келген кишиге ыңгалуу болуусу шарт.
2) Өтүп кеткен мезгилдерге көз чаптырсак, мурун ат минип бара жаткан киши жөө адамга ьиринчи салам айткан. Учурда анын баары унааг8а алмашкандыктан, машиненин ичиндеги киши сырттагы адамга бирин салам айтуусу керек.
3) Жаштардын дайыма улуу адамдарга учурашып турушу керек. Бул жаштын тарбиясы кандай экендигинен кабар берет.
4) досуңуз же башка таанышыңыз сиз тааныбаган адамды ээрчитип жүрсө, таанышыңыз менен гана эмес жанындагы адамга менен да учурашып коюңуз. Бул биринчиден ал адам сиз жөнүндө жакшы ой пикирде калаарына түртку болот.
5) жумуш ордунда болсоңуз сырттан ким кирип келбесин учурашып, андан соң сүйлошүүгө өтүңүз.
6) Учурашканда ашыкча беттен өбүп учурашуунун кажети жок. Андан көрө кучакташып учурашсаңыз бири-бириңизге энергия алып турасыз
7) Эгер көчөдө кетип бара жатсаңыз таанышыңыз сизден алысыраак аралыкта болсо, жөн гана баш ийкеп койсоңуз болот. (алыстагы адам менен кыйкырышып учурашуунун кереги жок.)
8) жакын адамдарыңыз менен бир жумада жок деген эки-үч жолу телефон аркылуу болсо да, ал-акыбалын сурап учурашып туруңуз. Бул сиздердин ортодогу мамилени дагы да бекемдейт.
9) адамдар менен кол алышып учурашканда, анын колун көпкө кармап туруунун кажети жок. Бул ал адам үчүн ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн!
10) адамдын кандай экендигин анын биринчи жолугушуудагы учурашуудан билип койсо болот. Учурашуу адамдын маданияттуулугун, адамдык сапатын жана тарбиясын тастыктап турат!!!

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск