skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Жашоону жеңилдеткен Лайфхактар!

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

Үй тиричилигинде колдонуп жүргөн кээ бир буюмдардын биз билгенден башка дагы кандай пайдалуу кызматты аткара алат?  Мына ушул тууралуу сөз кылабыз.

Эгерде саатка же башка нерсеге сатып алган батарейкаңыз кичинекей болуп калса, анда кадимки тамакка колдонуулучу алюминий фольгасы сизге жардамга келет. Болгону батерейканын эки четине фольганын кичине бөлүгүн ороп, тууралап салып койуңуз.

Мындан сырткары кайрак жок учурда мокок бычакты кантип курчутам деп турсаңыз, оңой жолу бар, жогоруда айтылган ашкана фолгасын мокок бычак менен бир нече ирет кескилесеңиз, натыйжасы сиз күткөндөй болот.

Эгерде сельдерей, капуста жана башка ушул өңдүү жашылча өсүмдүктөрдүн бат эле карайып кетүүсүн каалабасаңыз, анда ашкана фольгасы менен ороп, муздаткычка салып койюуңуз. Ошондой эле алманы экиге бөлгөндөн кийин кесилген бети карарып калбашы үчүн лимондун согун сыгып, сүртүп коюу керек.

Жашоону жеңилдеткен дагы бир лайфхак, кадимки күнүмдүк турмушта колдонгон тиш пастасына байланыштуу. Эгерде мискейдин же казандын түбүнө тартып, карарып кетсе тиш пастасынын кичине бөлүгүн алып, губка менен сүртүп коюуңуз. Мындан сырткары мештин четтериндеги майдын чачырандыларын дагы кетирсеңиз болот.

Сарымсактын тактайда калган жытын кетирүү үчүн дагы тиш пастасы менен сүртсөңүз, жагымсыздыкты жок кылат.

Ачык түстөгү бут кийимдин асты жагы дайыма ылайдан, топурактан улам өңү өзгөрүлүп, кирдейт. Мындай абалда нымдуу чүпүрөк менен канчалык жышып кетирбейли, баары бир тактар калып калат. Эгерде бут кийимиңиздин жаңы алгандай жылтырап турушун кааласаңыз, анда тиш пастасын алып, щетка менен сүртүп коюуңуз.

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск