skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Жаратылышты коргоонун жана анда эс алуунун 10 эрежеси…

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

Баарызбызга белгилүү болгондой, Кыргызстан тоолу жана жаратылышка бай өлкө жана баардык кыргыз жараны жаратылыш койнунда эс алганды жактырат. жаратылышАйрыкчы жаз, жай айларында эс алууга бай айлар. Эми ошол эс алуу учурунда, же эс алгандан соң жаратылышты тазалоо биздин, ар бирибиздин милдетибиз.  Ушул баарыбызга пайдалуу жаратылыш коюнунда эс алуу учурундагы 10 эң жөнөкөй  эрежелер менен таанышып алыныз!
1)  Жаратылышка чыкканда, озүндү ээн-эркин алып жүрүүнү каалайбыз. Ошондой учурда катуу кыйкырбашыбыз керек. Анткени токойдогу ар түрдүү жандыктардын оттоосуна же эр жүрүүсүнө тоскоол болуп калышыбыз толук ыктымал.
2)  Бак-дарактардагы чымчыктардын уясына, жумуркаларына тийгенден сак болуңуз. Сиздин айыныздан куштар уясыз калымы мүмкүн. Болбосо алардын балапандарына зыян тийгизип аласыз!
3)  Бактардын бутактарын сындыруудан алыс болуңуз. Алар жаратылыш көркү болуп саналат. Эгер аларды сындыра турган болсоңуз, жаратылыштын кандайдыр бир бөлүгү кооздугунан ажырап калышы мүмкун!
4)  Сизге жагып калган көпөлөктөрдү кармоодон алыс болуңуз. Анткени алардын да жаны бар. Алар да жаратылышка көрк кошуп турушат.
5)  Талаада ,тактап айтканда жаратышта өскөн гүлдөрдү үзбөңүз! Аларды үйүңүзго алып келгиче баарыбир соолуйт. Андан тышкар чөптөрдү жулуунун кажети жок экендигин түшүнсөңүз керек!
6)  Бака, жылан деги койчу кайсы жаныбар болсо да өлтүрүүдөн алыс болуңуз! Ар бир жандыктын жаратылышта өз орду бар.
7)   Агып жаткан сууга таштанды ыргытпаңыз! Таза суу таза бойдон агыш керек!
8)   Куркак чөп, бак-дарак бар жерге от жакпаңыз. Чыккан өрттүн себепкери болуп калышыныз толук мүмкүн!
9)   Өзүңүздөн кийин таштанды таштабаңыз! Ал экологиянын бусулушуна алып келет.
10)  Жаратылыштагы жаныбарларды сактаганга аракет кылыңыз! Анткени, жаратылыш, жаныбар жана адамдар ар дайым бир бүтүндүктө өмүр сүрөөрүн унутпаңыз!!!

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск