skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Өзүңүздү-өзүңүз баалай билесизби???

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

b1

Өзүнүн деңгээлин өзү төмөн баалаган адамдын ден- соолугуна зыяны тиет, карьерасына тоскоолдук жаралат жана адамдар менен пикир алышуусу оор болот. Өзүн сыйлабаган адам эч убакта башканы сыйлай албайт!!! Анда өзүңүздү-өзүңүз баалай билүүдөгү айрым кеңештерге көңүл буруңуз…
1. Өзүңүздүн ким экендигиңизди сезүү үчүн, сиздин жеке өзүңүзгө эмне туура келе тургандыгын издеп табыңыз.
2. Жашооңуздагы жаралган көйгөйлөрдү өзүңүз менен өзүңүз талкуулап, андан чыгууга аракет жасаңыз. Мындай учурда башкалар үчүн алсыз экендигиңиз билинбейт.
3. Дайыма өзүңүзгө эмне маанилүү? Үй бүлөңүзгө эмне маанилүү?- деген суроолорду берип ага жооп издеңиз.
4. Жаман сапаттан арылуу үчүн ташталган негизги кадамдардын бири- бул ошол көйгөйдү тамырын сезе билүү болуп эсептелет. Бул үчүн жөн гана өзүңүздү өзүңүз байкаңыз. Өзүңүздү өзүңүз көр жемеге ала бербей, өзүңүздү таанууга жана өзүңүздү кандай жүрүм- турум менен алып жүрөсүз анализ жасаңыз. Себеби, адам өзүнө карата чындыкты көргөндө гана көйгөйдөн арылууга бел байлайт.
5. Сезимдер туура жана туура эмес болуп бөлүнбөйт. Себеби булардын экөө тең жашоодо бар. Кээде туура эмес жасалган нерселер үчүн кабатырланып, өзүн күнөөлү сезе сезип, кырдаалды курчутуп жиберет. Андыктан ар бирин өз алдынча түшүнө билиңиз жана көтөрө билиңиз.
6. Жалгыздык сезимин дароо эле түп тамырынан өзгөртүп жок кылууга мүмкүн эмес. Бирок, аны азайтууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн эң биринчи, тобокелчиликке барып чөйрөгө аралашыңыз. Жашоонун китептерде жазылган жомоктогудай көрүнүшө эмес реалдуу турмушка көз ачыңыз. Ошондо гана бүт дүйнө сизге кучагын жаят.
7. Кыялыңыздагы ийримдерге жазылып катышыңыз. Жалгыз сабак алчу эмес жамаат менен биргеликте жасала турган нерсе болсун. Көпчүлүк менен сиздин да жашоого болгон көз караш өзгөрөт.
8. Калыпка салынган бир өңчөй пландарды түзүүдөн алыс болуңуз. Эң жакшысы пландарды эки түргө бөлүп жазыңыз. Маселен, биринчиси баш тартпай турган, сөзсуз жасалыш керек болгон жана абдан жоопкерчиликтүү жумушту аткаруу. Муну сиз убактыңызга карап эң биринчи кезекте орундатасыз. Ал эми экинчиси анчалык маанилүү эмес пландар. Мисалы, сиз жумуштан чыгып бирөө менен жолугушмаксыз. Бирок, ал шартка байланыштуу келбей калды. Буга кайгыруунун же ачуулануунун кереги жок.
9. Чөйрөңүздөгү адамдарды карап чыгыңыз. Чындыгында сизди колдогон жардамы тийген, сиз жардам көрсөтө алган адамдар бар. Ошондой эле, сизден бир гана алганды билген сизди пайдаланганга гана жөндөмдүүсү да жок эмес. Демек, мындай адамдар менен кол үзүү туура чечим.
10. Күнөөкөр болуудан коркпоңуз. Маселен, жогоруда айтылгандай пайдасынан зыяны көп достордон алыс болуу үчүн аны менен кол үзүш керек болсо, ал эми сиз бул үчүн тынчсызданып, кейип өзүңүздү күнөөлүү сезе берсеңиз, анда, сиз эч качан ийгиликке жетише албайсыз жана өзүңүздүн деңгээлиңизди жогору баалабайсыз. Бул сапат сизди бир гана артка тартат. озун сыйлооо
11. Өзүңүзгө өзүңүз койгон талаптарды аткарууда гана өзүңүзгө болгон ишеним бекемделет. Өзүңүздүн деңгээлиңизди баалай баштайсыз. Андыктан алдыңызга койгон максаттарды, талаптарды аткаруу керек деп эле отура бербей, аткарууга аракет көрүңүз.
12. Анан албетте алдыга умтулуңуз. Дайыма өзүңүздүн жасаган иштериңизди бийик баалаганга үйрөнүңүз. Кайсы убак болбосун, өзүңүзгө жакшы убакыт бөлүп, өзүңүздү жакшы караганга өтүңүз…Жана эч убакта адамдын артында калбай, лидер болууга умтулуңуз!

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск